Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Кылтыңдаган ажолор, лакылдаган кайгуулчу

Жазылуу
Кечээки төгүп өткөн жамгырдан кийин эт жебесек да шорпо ичкендей сергип калдык окшойт. Бирок бүгүн аба ырайы эч нерсе болбогондой түр көрсөтүп, күн чайыттай ачык. Анысына деле макулбуз, башкысы элибизде тынччылык болуп, эч кимдин башына жаман иш түшпөсүнчү.

Акыйкат издеген эне жана дарыгер. Балыкчы шаарында төрөтканадан жоголгон ымыркай боюнча маалыматка саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев түшүндүрмө берди. Анда эгиздер төрөлөт деп жаткан эненин үмүтүн таш каап, дарыгерлер анын колуна бир эле кыз карматкан. Таң калычтуу окуянын чоо-жайын кененирээк бул жактан окуңуздар.

Бирөөгө кор, бирөөгө зар бала. Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун тургуну Кызжибек Марипованы жолдошу үч эм баласы менен таштап кеткен. Анысы аз келгенсип балдары да ар кыл илдетке кабылып, жалгыз бой эне жардамга муктаж эле. Жалгыз бой аялга жардам берүүгө үн каткан өкмөт башчы бул ишти өз көзөмөлүнө алды.

Кандай эне тууду экен, алтын сертификат алган балдарды? Окуунун алдыңкылары жалпы республикалык тестирлөөдөн жогорку балл алган бүтүрүүчүлөр ажонун колунан алтын сертификат алышты. Окууда мыкты болгондор жашоодо да жерде калбайт, андыктан билимдин үзүрүн көрө баштаган бүтүрүүчүлөргө ийгилик каалап өтөлү!

Контейнерден жасалган үйдө жашоо комфорттуу элеби? Кабарчыбыз Бегимай Бакашева темирден үй куруунун жол-жобосун жана болжолдуу баасын иликтеп, контейнерден үй салып жашап жаткан каармандар менен баарлашып көрдү. Темир үйдү куруу жана анда жашоо канчалык ыңгайлуу? Кененирээк материалдан окуңуздар.

© Фото / Ибрагим БалтабаевСтроительство дома из железных контейнеров в Бишкеке
Строительство дома из железных контейнеров в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Строительство дома из железных контейнеров в Бишкеке

Кылтылдаган ажолор. Жан эргиткен музыка шаңдуу маанай тартуулап кимдин гана көңүлүн көтөрбөйт. Мындан улам кабарчылар музыкага туйлаган дүйнө лидерлерин тизмектеп чыкты. Рахаттанып көрүңүз!

Ажылык сапарга аз калды, ал эми ал жакка барам деп камынып жаткан зыяратчылар атайын окуулардан, эмдөөдөн өтүп жатышат. Ажылык сапарга аттанып жаткандар үчүн тыюу салынган нерселерди тизмектедик. Окуп койсо ашыкча болбойт.

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 69.60 (сатып алуу) жана 69.87 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-92 үлгүсүндөгүсү 39.50 сом, АИ-95 үлгүсүндөгүсү 42.00 сом, ал эми дизель майы 37.50 сомдон сатылууда.

Соңку сөз. Бактылуу көз ирмемдер көп болсун!

Чайыттан ачык маанай каалап Таалайгүл Усенбаева

Жаңылыктар түрмөгү
0