Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. "Ван Даммга" айланып кеткен 8 жашар Али

Жазылуу
Бекерчиге жардамчы болбой, билек түрө ишке киришиңиз.

Анткени ийгилик өзү басып келбейт. Аны издеп барып баса калыңыз да, такыр колдон чыгарбаңыз. Ары бери буйталап, жулкунган сайын бекем кармап, багынтып алыңыз. Ойду омкоруп, тоонун томкоруңуз. Чычканга кебек алдырбай, ыргыткан ташыңыз өйдө кулап турсун. Ошондо гана көксөгөнүңүзгө жетип, көктү багынтасыз. Болбосо колдогу балыкты качырып ийип, өтө "неудобный" болуп отуруп бересиз.

Таак… бүгүнкүгө мотивациялык сүз бүттү! Эми кыялга батып, жетинчи кабатта учуп жүрө бербей ишке киришели. 

Айрымдар "азырынча эрте, эртең эле ийгиликти багынтайынчы" деп уктап жатканча сегиз жашар Али Ван Дамм айланып тепкенди үйрөнүп, турникке шпагатка отура алат. Ал эле эмес Ван Даммдай болуп бутун асманга тик көтөрүп, өзүнүн бою жетпеген жерде илинип турган жипти тээп түшөт. Кыскасы мен бала кезде кыялданып, жасай албай ызаланып кала бергендин баарын жасайт. Аны сөзсүз көрүшүңүз керек.

Негизи Кудай колдоп турбаса, баары бир тыйын болот. Андыктан алгач жараткандан тилеп, улуулардан бата алып анан ийгиликке бет алганыңыз дурус. Кудай колдоп, эл эркелетип турганда президент болуш деле кеп эмес. Кыргыздар эркелегенди жакшы көрөбү, айтор, эки апта ичинде эле ажолукка аттангандар онго жетти. Августка чейин алтымышка жетип, АКШ баш болгон алдыңкы өлкөлөрдүн оозун Ошту каратпасак болду.

Президент болом дегендер тоодой убадаларын берип, алды касам ичип да жибериши мүмкүн. Эмне… Ооздун желин аямак беле. Башкысы анттын касиетин, күчүн унутушпаса.

Бир гана президент болчулар эмес, экинчи сессиясын аяктап, жайкы эс алууга чыккан Жогорку Кеңештин депутаттары да ант тууралуу окуп коюшса.

Бүгүн өлкө аймагында күн ачык болот.

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 69.15 (сатып алуу) жана 69.25 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-92 үлгүсүндөгү май 39.50 сом, АИ-95 үлгүсүндөгү бензин 42.00 сом, ал эми дизель майы 37.50 сомдон сатылууда.

Соңку сөз. Ийгилик күчтүүлөрдү жандайт.

Тек гана ийгилик каалап Исмаил Мамытов

Жаңылыктар түрмөгү
0