Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Көңүлүмдү көккө көтөргөн адамдар

Жазылуу
Кутман таң! Айтканын аткарып, намыска бек турган кыргызымдын чыныгы мырзалары көп болсун! Ал эми кыргыз эли дүйнөгө жасаган эмгеги, кылган иши менен жакшы жагынан эле таанылсын!

Таң атпай эле намыс, сыймык, эл тууралуу кеп козгоп жатканымдын да жөнү бар. Анткени кечээ Кыргызстандык мушкер Дастан Шаршеев россиялык атаандашы Антон Калининди реванш-беттешүүдө утуп алды. Беттешти көргөн мекендештер социалдык тармактарга кубанычы менен тең бөлүшүп сөз менен мушкерди көккө көтөрүп жиберишти.

Колунан көөрү, оозунан мөөрү төгүлгөн кыргызым. Ата-энебиз бала жакшы же жаман чыгып калса деле "ой анын тукуму ошондой болчу" деп айтып калышат го. Анын сыңарындай кыргыз элинин тукумунда уз, чеберчилик өнөр сакталып калган өңдүү. Анткени так илимди да, чыгармачылыкты да талап кылган шырдакты баары эле жасай бербейт. Ат-Башынын Ача-Кайыңды айылынын уздары диаметри 10 метрди түзгөн тегерек шырдак жасап, болжол менен 4000 долларга сатышты. Бул да болсо сыймык эмеспи. 

Кыргызча сүйлөп, кара жорго бийлеген куурчактар. Кол өнөрчүлөр демекчи, Бишкек шаарынын тургундары Канат Жаныбеков жана Дания Өмүралиева кыргызча сүйлөп, кара жорго бийлеген Касым жана Арууке аттуу куурчактарды өз колу менен жасап, аларга "жан киргизишкен". Кызыктуу куучактардын өнөрүн бул жактан көрүңүздөр.

Кыздары кыйын кыргыздын. Укук коргоочу Рита Карасартова президенттикке ат салышмай болду. Талапкерликке өзүн-өзү көрсөткөн укук коргоочу президент болом дегендердин арасында азырынча жалгыз аял.

30 жашында өрт алган кыргызстандыктар. Ийгилик ар бир адамга түрдүү учурда жылмаят эмеспи. Мындан улам кабарчыбыз Гүлдана Талантбекова 30 жашынан тарта ташы тоону көздөй кулап, алыска тааныла баштаган белгилүүлөрдү тизмектеп чыкты.

Маанайды көтөргөн түрк бала. Түркиялык кичине баланын Орозо айтта бийлеген шаңдуу бийин социалдык тармактан миллиондогон колдонуучу көргөн. Жумуш баштардын алдында бул видеону көрүп бир жылмайып алыңыз

Ак менен кара бирге жүрөт. Башын жакшы жаңылык менен баштап аягын да позитивдүү маанай менен бүтүрөйүн десем да болбой калды. Анткени жаңылыктардын арасында жүрөк ооруткан материалдар да чыгыптыр. Кабарчыбыз Асель Миңбаева калаадагы күйүк бөлүмүнө барып, ал жактын жашоосун чагылдырып келген. Кырсыктан, оорудан кудай сактасын!

Бүгүн аба-ырайы туруксуз болот экен. Жамгырда шөмтүрөп калбайын десеңиз кол чатыр менен күрмөнү кошо ала жүрүңүз. https://sputnik.kg/Kyrgyzstan/20170627/1034031377/sharshembige-karata-aba-yrajy.html

Валюта наркы. Бүгүн сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 68.78 (сатып алуу) жана 69.03 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи-92 үлгүсүндөгү май 39.50 сом, Аи-95 үлгүсүндөгү бензин 42.00 сом, ал эми дизель майы 37.50 сомдон сатылууда.

Соңку сөз. Өлкөбүз өнүгүп, элибиз аман болсун!

Жагымдуу күн каалап Таалайгүл Усенбаева

Жаңылыктар түрмөгү
0