Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Кемал менен Емельяненко элди жашытып...

© Sputnik / Табылды Кадырбеков / Медиабанкка өтүүКаба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайы. Архив
Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Үч күндүк эс алуудан соң жумушту сагындыңыздар деген үмүт менен өткөн күндү барактайбыз.

Ошентип рамазан айы да көз ачып-жумганча өтүп, быйылкы орозо артта калды. Бардык орозо кармагандардын тилеги кабыл болуп, ооз ачыргандардын ой-максаты ишке ашсын. Быйыл орозо кармагандардын да, ооз ачыргандардын да катары калыңдап, кадыр түндө адамдар мечитке батпай кетти. Ыймандуу коомдун келечеги кең болот эмеспи, андыктан жыл санап орозо кармагандар көбөйө берсин.

Көч башы кайда барса, калың журт ошол жака бет алат эмеспи. Президентибиз Алмазбек Атамбаев баш болуп айт намазга турушу жакшылыктын жышааны.

Ажобуз айтка барса, биз четте калмак беле деп Бишкек шаарынын тургундары менен конокотору эски аянтта намазга жыгылды. 

© Sputnik / Табылды КадырбековАйт-намаз по случаю Орозо айта в Бишкеке
Айт-намаз по случаю Орозо айта в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Айт-намаз по случаю Орозо айта в Бишкеке

Намаз бүтөөрү менен көпчүлүк күйөрмандар атактуу мушкер Федор Емельяненконун бетешине күбө болушту. Тилекке каршы, акыркы император бул иретте дагы жеңилүү ызасын татып, күйөрмандарынын жүрөгүн оорутту. Дээрлик 10 жыл бою планетанын эң күчтүү мушкерлеринин таш-талканын чыгарып турган Емельяненконун алдан тайышы, удаа-удаа утулушу фанаттарынын азапка салууда. Анткен менен атактуу мушкер реванш алууну ойлонуп жатканын жар салды. Калк айтса, калп айтпайт демекчи, кырктын кырында турган Федор ардактуу эс алууга кетсе жакшы болот эле.

Спорт сүйүүчүлөрүн Емельяненконун жеңилиши ыза кылса, көпчүлүк кыздарды түрк сериалынын каарманы Кемалдын өлүмү жашытты. Ал учурда ар кыл тамашалуу видеолор чыгып, Кемал башкы тема болуп турган чагы. 

Кыздар түрк жигитинин өлүмүнө өкүрүп жатканда Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган айт намазын окуп жатып жыгылды. Бактыга жараша, өлкө лидеринин ден соолугу жакшырып, өзүнө бат эле келген.

Өткөн жекшемби күнү орозо айт гана белгиленбестен, Кыргызстанда юристтердин майрамы да болду. Учурдан пайдаланып, бардык юристтерди өтүп кеткен майрамы менен куттуктайбыз. Мамлекетибизде мыкты юристтер көбөйүп, өлкөбүз үчүн кызмат кыла берсин. Ал эми биз болсо юристтердин жинин келтирген учурларды сунуштайбыз

Бүгүн өлкө аймагында мезгил-мезгили менен жаан жаайт

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 68.85 (сатып алуу) жана 69.00 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-92 үлгүсүндөгү май 39.50 сом, АИ-95 үлгүсүндөгү бензин 42.00 сом, ал эми дизель майы 37.50 сомдон сатылууда.

Соңку сөз. Иштеген тиштейт.

Амандыгыңызды тилеп Исмаил Мамытов.

Жаңылыктар түрмөгү
0