Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Кыргызга 10 бала төрөп берген орус келин

Жазылуу
Кутман таң! Күн бүгүн да элди "куйкалай" турган болду окшойт. Бирок бир-эки күн чыдасак синоптиктер мезгил-мезгили менен жамгыр жаай турганын айтууда.

Аптанын соңундагы аптаптуу жаңылыктардын алдыңкы сабында талашка түшкөн "Ак-Кеме" мейманканасы. Кечээ таң эрте башталган бул окуянын чоо-жайын кененирээк бул жактан окуңуздар.

Кыргызга 10 бала төрөп берген орус келини. 20 жашында Казакстандын Алматы шаарынан Фрунзеге окууга келип, ошол бойдон кыргыздын келини болуп калган Валентина Елисеева менен кабарчыбыз Бегимай Бакашева жолугуп, баарлашып келди. 

30 жаштагы жетекчи. Жаш, креативдүү жаштардын чоң кызматка келиши өлкөдөгү өзгөрүүдөн кабар берсе керек. Дегеним кечээ Мамлекеттик каттоо кызматынын жаңы жетекчиси болуп 30 жаштагы Дастан Догоев дайындалды. Кызмат орду кут болсун! 

Чагылганды "чарк" эттирген токмоктук сүрөтчү. Токмоктук фотограф Рустем Ильясов асмандагы чагылгандын бир нече ирмемдерин фотокамерага тартканга үлгүргөн. Өзгөчөлөнгөн сүрөттөрдү өткөрүп жибербегиле. 

Шашылыш билдирүү. Аптаптуу ысыктан алсырап, нөшөрлөгөн жамгырды күткөндөргө "сүйүнчү"! Республика аймагы боюнча 23-июндан 25-июнга чейин туруксуз аба ырайы күтүлөт.

Этегиңден жалгасын! Эл арасында төрөй албай жүргөн аялдарга байланыштуу айтылып жүргөн ырымдар көп. Алар кандай ырым болду экен деп кызыксаңыз бул материалга көз жүгүртүңүз

Ажо алгачкы альбомун чыгарганда. Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевдин "Судьбе назло" аталышындагы музыкалык альбому расмий түрдө сатыкка чыкты. Эми өлкө башчынын ырларын каалаган убакта уксак болчудай. 

Бүгүн аба ырайы туруксуз болот

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 68.77 (сатып алуу) жана 69.04 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи-92 үлгүсүндөгү май 39.50 сом, Аи-95 үлгүсүндөгү бензин 42.00 сом, ал эми дизель майы 37.50 сомдон сатылууда.

Соңку сөз. Жакшы күндөр көп болсун! Ачык асман каалап Таалайгүл Усенбаева.

Жаңылыктар түрмөгү
0