Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Сотту ыйлаткан наристе кыздын окуясы

Жазылуу
Кутман таң! Жайдын аптабы өз нугунда. Бул учурда айылдагы керемет жашоого кетип калгың келет да.

Калаада кымгуут. Бишкектин чок ортосунда төрт унаа кагышып, кырсыктан 16 жаштагы өспүрүм жабыркаган

Алаңдаган айдоочулар. Айтып оозду жыйгычакты калаада жөө адамдар өтүүчү чийинден бир кызды унаа сүзүп кеткен. Кырсыкты күбөлөр видеого тартып алган

Тигүү цехтен пара алып жаткан салыкчы. Калаадагы кийим тигүү цехтен эки миң доллар пара талап кылган бишкектик салыкчы колго түшүрүлдү. Ак эмгеги менен эптеп оокат кылып жаткандардын ырыскысын жула качкандар көбөйдү го. 

Сотту ыйлаткан кыз. Он жылдан бери балдар укугун жактап келе жаткан Айжан Кадырова балдардын трагедиялуу окуялары тууралуу кабарчыбыз Асел Миңбаевага айтып берген. 

АКШда намыс талашкан кыргыз мушкери. Америкада бокс менен машыгып, профессионалдар арасында беттешип жүргөн мекендешибиз Басызбек Баратов Кыргызстандын бир жолку жана Москванын төрт жолку чемпиону болгон. Учурда Кыргызстандын атынан АКШда салышкан мекендеш менен кабарчылар маектешти

Черногориядагы "Алтынай". Черногориянын ханзадасы Никола II өзүнүн кызына Чыңгыз Айтматовдун "Биринчи мугалим" чыгармасынын баш каарманы Алтынайдын ысымын койгон.

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 68.68 (сатып алуу) жана 68.95 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-92 үлгүсүндөгү май 39.50 сом, АИ-95 үлгүсүндөгү бензин 42.00 сом, ал эми дизель майы 37.50 сомдон сатылууда.

Соңку сөз. Бактылуу күндөр көп болсун!

Жагымдуу күн каалап Таалайгүл Усенбаева.

Жаңылыктар түрмөгү
0