Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Кудай кырсык менен премьердин каарынан сактасын

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүАла-Тоо аянты. Архив
Ала-Тоо аянты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Арбаңыздар, замандаштар! Бүгүн жумушка кечикпей барып жетекчиңиздин тапшырмасын так аткарыңыздар. Өкмөт башчы сөгүш берүүнүн жаңы ыкмасын көрсөттү. Этият болуу керек!

Кагуу жеген аткаминер. Кечээ премьер-министр Сооронбай Жээнбеков жаратылыш кырсыктары боюнча кеңешме өткөрүп даярданбай келген куруучу чиновникти "чык эшикке" деп кууп чыкты. Мындайды мектепти бүткөндөн бери көрө элек болчумун. Бир мугалимибиз тапшырма аткарбаган окуучуга эки коюп эле тим болбой, көзүнөн оолак чыгарып ийчү.

Фантазиясы күч соцтармак. Эриккенден эки аял алууну талкуулап жаткан соцтармактагылар муну көрүп "жыргап" эле калды. Бир паста байкуш аткаминерди Терминаторго кубалатып, жыйындан кетип жатканда терезени жара сүзгөн видеосун чыгарышты.

"Эшикке чыккан" жалгыз эле аткаминер эмес. Бишкектин 100дөй тургунун да жашаган үйүнөн кууп чыгышты. Алар баш калкалоочу жайы жок көчөдө күн өткөрүп жатышат. Дагы жакшы нысаптуу болуп жай мезгилинде чыгарыптыр. Кышта ушундай болсо эмне болот эле… 

Россиясыз жашоо… Өлкө башчы Атамбаев Путин менен жолугуп бир топ маселени талкуулады. Анда кызматтан кетерине аз гана убакыт калганын айтып, бирок эки өлкөнүн мамилеси ушундай нукта сакталарына ишендирди. Журт атасы муну менен эле чектелбей Кыргызстандын келечегин Россиясыз элестете албай тургандыгын билдирген.

Эл багарлардын төрттөн бир бөлүгү Оштон экен. Шайлоо жакындаган сайын жердештерибиз ар жактан пайда болуп тигини-муну колдоп кой деп чыга калат эмеспи. Андыктан бийликте отурган жердештериңиз менен алдын ала таанышып алыңыз. 

Ананьеводогу жарылуу. Көрсө, 8 адамды жарадар кылып, ата-баланын ажалын алган газ толтуруучу жайда ширетүү иштери жүрүп жаткан экен. Окуянын чоо-жайы тууралуу айылдыктар айтып беришти

Муну колго алган Сооронбай Жээнбеков бардык май куюучу жайларды текшерип чыгууга тапшырма берди. Өкмөт башчынын каарын билдиңиз, дагы бир нерсе болуп кете элегинде текшерип коюңуздар. 

Бирөөгө зар бала, бирөөгө кор бала. Чакан өлкөбүздө бир жыл ичинде болжол менен 22 миң аял бойдон алдырса, анын 200гө чукулу 17 жашка чейинки кыздар экен. Шумдугуң кур! Бойдон алдыруунун кесепети, аборттун түрлөрү, анын организмге болгон терс таасири тууралуу гинекологдун пикирин бул жактан угуңуз.

Орозо айт белгилүү болду. Муфтият орозо айтты белгилөөгө бир күндө эки датаны айтып элди эки анжы ойго салды. Бирок соңунда 25-июнь деп бекитилди. Баса, бүгүн ыйык Кадыр түндү да белгилейбиз.

Кол чатыр алып алыңыздар. Кыргызгидромет бүгүн өлкө аймагында мезгил-мезгили менен жаан жаай турганын билдирди.

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 68.43 (сатып алуу) жана 68.69(сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-92 үлгүсүндөгү май 39.50 сом, АИ-95 үлгүсүндөгү бензин 42.00 сом, ал эми дизель майы 37.50 сомдон сатылууда.

Соңку сөз. Жергебизде тынчтык, элибизде ынтымак болсун!

Күнүңүздүн куунак өтүшүн тилеп Эламан Карымшаков.

Жаңылыктар түрмөгү
0