Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Тойдо "ит, мышык, айгыр" болгон тамада

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкек шаарынын мэриясы. Архив
Бишкек шаарынын мэриясы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Арбаңыздар, ак мөңгүлүү Ала-Тоонун абасынан дем алган мекендештер!

Жакында бир таанышыбыздын жентек тоюна барып калдык. Кыргыздардын тоюнда тамада жакшы болуп эле анан эт жакшы тартылса баары ойдогудай болду деп айтып калат эмеспизби. Тамада шатыра-шатман шаңдуу алып барып жатты. Анан адаттагыдай элдин маанайын көтөрүү максатында эркектерди бир оюнга чыгарды. Ал оюнда мырзаларга желесин кайтарган айгырды, тамак күткөн итти, анан ээсине эркелеген мышыкты туурата баштады. Өзү актер болгондуктан жаныбарларды шумдук туурап, "айгыр да, ит да, мышык" да болду. Бирок оюнчулар аны актердой аткара алган жок. Тойго барган аксакалдар "ушу да оюнбу" деп нааразы болушса, жаштарга ал жага бербей калды.

Албетте, той шаңдуу болгону жакшы, бирок тамадалар "пастыкка" түшүп, деңгээлин жоготпой, оор басырыктуу болгону дурус го.

Эми өткөн аптада болгон маанилүү кабарларга саресеп салалы.

Аталарын эстеген атактуулар. Июнь айынын үчүнчү жумасында дүйнөдө аталар күнү белгиленип келет. Буга утурлай өлкөдөгү атактуулар аталарын эстешип, аларга ыраазычылыктарын билдирип өтүштү

Көчөдө көз жарган келин. Кытайда кош бойлуу аял көчөдө жаан алдында көз жарып, ага жолдо өтүп бара жаткандар жардамга келген. Окуянын видеосун бул жактан көрө аласыздар

Замандын "эшек" кыздары. Кабарчыбыз Бегимай Бакашева алгачкы ирет колумнистика жазып азыркы ата-энелердин кыздарына берген тарбиясына токтолуп кеткен. Кыздарын "эшекке" теңеп урушкан ата-энелер туурасында кененирээк бул жакта жазылган

Өкмөт башчынын колунан сыйлык алган спортчулар. Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков эл аралык мелдештерде ийгиликке жеткен ата мекендик спортчуларды сыйлады. Өз кезегинде Айсулуу Тыныбекова баш болгон спортчулар да алкышын айтты. 

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевӨкмөт спортчуларды сыйлады. Айсулуу алкышын айтып, жоопкерчилигин моюндады
Награждение отечественных спортсменов, отличившихся на международных соревнованиях правительственными наградами - Sputnik Кыргызстан
Өкмөт спортчуларды сыйлады. Айсулуу алкышын айтып, жоопкерчилигин моюндады

Ал ортодо кыргызстандык Анарбек Сыдыкбеков менен Назира Марсбек кызы Азия чемпионатында өспүрүмдөр арасындагы күрөштөн коло медалга ээ болушту. Азаматсыңар! 

Күбүлгөн тиш, норка шуба. Борбор калаадагы күрөөкананын кызматкери кабарчыларга киши зарыгып турганда эмне деген гана буюмдарды алып келбей тургандыгын айтып берди. Көрсө, ломбардга зер буюмдарды эле эмес, биз күнүмдүк турмушта ашканада колдонуп жүргөн оокаттардан бери келет экен. 

Бүгүн өлкө аймагында күндүз жамгыр жаап, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. 

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 68.35 (сатып алуу) жана 68.61 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-92 үлгүсүндөгү май 39.50 сом, АИ-95 үлгүсүндөгү бензин 42.00 сом, ал эми дизель майы 37.50 сомдон сатылууда.

Соңку сөз. Буттан жыгылган турат, тилден жыгылган турбайт.

Көңүлдүү күн каалап Таалайгүл Усенбаева.

Жаңылыктар түрмөгү
0