Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Лондондо теракт, Бишкекте жол кырсыгы...

Жазылуу
Жакшы эс алып, жай турдуңуздар деген тилек менен жаңы аптаны баштайбыз.

Жараткан жаңы күндү насип этип, кайрадан сиздер менен амандашып жатканыбызга каниет кылалы. Анткени өткөн эс алуу күндөрү Лондондо эки ирет теракт болуп, бир канча адам жабыркады. Күтүлбөгөн жерден келген ажал жети адамдын өмүрүн алып, миңдеген кишилердин төбө чачын тик тургузду

© REUTERS / Neil Hall Лондондо 4-июнда болгон кош теракт
Теракт на Лондонском мосту - Sputnik Кыргызстан
Лондондо 4-июнда болгон кош теракт

Күтүлбөгөн жерден кол салуу кандайча болгонун, окуянын жүрүшүн күбө айтып берди. Анын айткандарын окуу үчүн алгач өзүңүздү жакшылап даярдап, анан баш багыңыз.

Лондондо адамдар терактыдан каза болушса, Бишкекте жаш жигит жол кырсыганан жабыркады. Андыктан урматтуу айдоочулар, унаа айдап бара жатканда коендай сак, ташбакадай бекем болуңуздар.

Кырсыкты өзүбүздү издеп барбастан, андан алыс эле бололу. Андан көрө атактуу актер Киану Ривз тартылган орустардын тасмасын көрүп, 90-жылдары хит болгон ырларды угалы

Окумуштуулар пайдалуу болот экен деп изилдеп чыгышкан чайдан мазза кылып демдеп, өзгө жердин өнөр дүйнөсүн багынткан кыргызстандыктар тууралуу макаланы окуйлу.

Буга чейин аксакалдардын күрөшүн көрдүңүз беле? Мен дагы көрө элекмин. Келиңиз, чогуу көрөлү.

Бүгүн өлкө аймагында мезгил-мезгил менен жаан жаайт.

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 68.07 (сатып алуу) жана 68.33 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи-92 үлгүсүндөгү май 39.50 сом, Аи-95 үлгүсүндөгү бензин 42.00 сом, ал эми дизель майы 37.50 сомдон сатылууда.

Соңку сөз. Жараткан сактанганды сактайт.

Амандыгыңызды тилеп Исмаил Мамытов

Жаңылыктар түрмөгү
0