Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Наристе соороткон Путин, жаңы үй алган Обама

Жазылуу
Арыбаңыздар туугандар. Кечээ балдарды коргоонун эл аралык күнү белгиленди. Буга байланыштуу кечээки лентада турмуштун ар түрдүү сыноосуна кабылган балдардын тагдырлары чагылдырылып, кабарчылар өспүрүмдөр темасына кенен токтолду.

Алгач эле жакшы жаңылыкты айтып коеюн. Лондондун экономика жана тынчтык институтунун чыгарган Global Peace Index рейтингинде Кыргызстан АКШ менен Кытайдан озуп 111-орунга илинген.

Наристе соороткон Путин. Россиянын президенти Владимир Путин Кремль сарайында көп балалуу ата-энелерге "Ата-эне даңкы" орденин тапшырып жаткан учурда ыйлаган баланы сооротууга аракет кылган.

Балалыкты эске салган оюндар. Кабарчыбыз Бегимай Бакашеванын балалыкты эске салган материалын окуп жылмайып алдым. Анткени бул материалда кичине кезибизде ойногон кыргыздын улуттук оюндарынын айрымдарынын эрежелери камтылган

Атамбаевди таасирленткен кыз. Өлкө башчы Алмазбек Атамбаев балдар күнүнө карата Улуттук онкология борборунун балдар бөлүмүнө барды. Ал жактан президентке 11 жаштагы Асел "Эсимде" аттуу чыгарманы скрипкада ойноп берди. Адамды таасирленткен видеону шилтеме аркылуу көргүлө.

Кымбаттаган автоунаалар. Эгер көптөн бери машина алууга акча топтоп жүргөн болсоңуз, бул кабар көңүлүңүздү чөгөрүшү мүмкүн. Анткени автоунаалар жылдан-жылга кымбаттап жатат. Себебин кабарчыбыз Асель Миңбаева жүргүзгөн иликтөөдөн окуй аласыз

Үй-бүлөсүн баккан жети жашар Эрмек. Коомдук активисттер таенеси жасап берген шарларды көчөгө чыгып 20 сомдон саткан жети жашар Эрмектин тагдырын коомчулукка алып чыгып ага чоң сооп иш жасашты. Четинен балага жардам берген жарандардын саны көбөйө баштады. Sputnik Кыргызстан агенттиги да четте калбай баланы мындай тагдырга кандайча туш болуп калганын сураштырып, бир күндүк турмушун видеого түшүрүп келди.

Жашоодон запкы тарткан бөбөктөр. Тагдырдын оор сыноосуна кабылган балдардын окуяларын бул материалдан окуңуздар.

10-жылга кесилген окуучу. Кадамжайда классташын өлтүрүүгө айыпталган 15 жаштагы өспүрүм 10 жылга эркинен ажыратылды.

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 68.09 (сатып алуу) жана 68.35 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи-92 үлгүсүндөгү май 39.50 сом, Аи-95 үлгүсүндөгү бензин 42.00 сом, ал эми дизель майы 37.50 сомдон сатылууда.

Соңку сөз. Балдар ыйлабасын, балдар кор болбосун!

Балдарга бактылуу балалык каалап Таалайгүл Усенбаева

Жаңылыктар түрмөгү
0