Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Атамды сагынганда...

Жазылуу
Аптанын алгачкы күнү. Бардык мусулман бир туугандарды ыйык Рамазан айы менен куттуктайбыз. Кармаган орозоңуздар кабыл болуп, тилектер аткарылсын!

Орозо айы башталганда дароо эсиме атам келет. Анткени ал орозону үзбөй кармачу. Мектепте окуп жүргөндө атам менен кошо мен да кармап калдым. "Ыйык айда көбүрөөк тилек кыл, ойлогонуң ишке ашат, колуңан келсе үзбөй карма" деп насаатын айтып калчу. Кырсык каш кабактын ортосунда дегендей ойлобогон жерден аны арабыздан шум ажал алып кетти. Анын кеп-кеңешин, айылга барганымда алдыман тосуп алган караанын сагындым…

Эми өткөн аптада болгон кызыктуу окуяларга баам салып өтөлү.

Аксакалдын батасын алган 10 жылдыктар. Нарын районундагы Эмгекчил айылындагы мектепти 10 жыл мурда бүткөн жигиттер ижарадан ижарага көчүп-конуп, пайгамбар жашына барып калган айылдашын жаңы үйгө киргизүүнүн алдында турушат. Аксакалдын ак батасын алган жаштарга айыл эли ыраазы. 

Таш боор бир тууган. Москвада иштеген 20 жаштагы кыргыз кыз белгисиз адамдар тарабынан барымтага алынганын айтып, зөөкүрлөр бир миллион рубль талап кылып жатканын бир тууган эжесине социалдык тармактагы баракчасы аркылуу жазып жиберген. Бир тууганын ойлобогон таш боор кыздын окуясын толугураак бул жактан окуңуздар

Көз сүйүнткөн көрүнүш. Кыргызстанда профессионалдык балет бийчилерин мектеп курагынан тарта даярдаган жалгыз гана мектеп бар. Анын ачылганына аз убакыт гана болсо да бул тармакка талпынган кичине балдардын саны көп экенинине Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы күбө болуп келди. 

Ош шаарынын мэри айылга кат жазды. Айтмамат Кадырбаев катында бала кезде атасын кумир тутуп мугалим болгусу келгенин, бапестеп баккан апасын ар дайым эстээрин, мектепте окуп жүрүп, боюн кантип өжөрлүк менен узартканын жазган.

Тест. Эгер сиз улуттук музыкалык аспаптардын добушун айныбай тааный алам десеңиз тезинен тесттен өтүңүз. Жыйынтыгы менен бөлүшкөндү да унутпаңыз.

Кош бол, мектебим! Өлкө аймагындагы бүтүрүүчүлөр коштошуу кечесине канчадан чогултуп жатышканы кызык болсо, инфографикага көз чаптырып койгула.

Алты эм төрөгөн АКШнын тургуну. АКШда 17 жылдан бери бала жытын искей албай келген аял 11-майда алты эм төрөдү. Балдар жарык дүйнөгө 30 жума болгондо келген.

Баса, биздин ырчы кыз Жийдеш Идирисова да көз жарып, экинчи кызын жарык дүйнөгө алып келди.

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 67.88 (сатып алуу) жана 68.16 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи-92 үлгүсүндөгү май 38.50 сом, Аи-95 үлгүсүндөгү бензин 40.90 сом, ал эми дизель майы 36.00 сомдон сатылууда.

Бүгүн борбор калаада жаан-чачын күтүлбөйт.

Соңку сөз. Ата-эненин көзү барда сыйлап жүр демекчи, аларды убагында сыйлап-кадырлап алалы!

Оозу бектерге орозоңуздар кабыл болсун деп Таалайгүл Усенбаева.

Жаңылыктар түрмөгү
0