Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Орозо эртең башталат

Жазылуу
Эртеңден тарта Кыргызстанда орозо башталат. Ыйык айда ар бирибиз сабырдуу, кечиримдүү бололу.

Муфтият орозо качан башталарын так аныктап, ал 27-майда башталарын билдирди. Мусулмандар үчүн маанилүү болгон бул ыйык айда орозо кармагандар эмнелерди кылбаш керек? Анын бардыгын бул жактан окусаңыздар болот

Кош мектебим!.. 25-майда Кыргызстандын булуң-бурчтарында акыркы коңгуроо салтанаты өттү. Албетте, бул күнү аябай толкунданган окуучулардын айрымдары машинага түшүп алып жол эрежесин бузса, мектеп менен коштошуп жатканын сезгендери көзүнө жаш алып сүрөткө түшүштү

Кыргызга белгилүү болгондор акыркы коңгуроону кантип тоскону баарына эле кызык болсо керек. Ырчы, актер, теле алып баруучулар мектепти аяктап жатканда кандай эле? Бул жактан караңыздар.

Кайсы кесип ардактуу. Быйыл окуу жайды аяктап жаткан окуучулар кайсы адистиктерге көңүл бурушу керек. Айтайын дегеним, кесип тандоодо кайсы кесипке талап кандай экенин, кайсы адистиктер боюнча таңкыстык бар экенин эске алуусу кажет. Кыргызстан негизинен мугалим, тигүүчү жана дарыгерге өтө муктаж.

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 67.84 (сатып алуу) жана 68.12 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи-92 үлгүсүндөгү май 38.50 сом, Аи-95 үлгүсүндөгү бензин 40.90 сом, ал эми дизель майы 36.00 сомдон сатылууда.

Соңку сөз ордунда. Алдыга койгон максаттара адал эмгек менен жетели деп Расул Үсөналиев.

Жаңылыктар түрмөгү
0