Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Журналисттен маек алган депутат...

Жазылуу
Коомдук ишмерлер, саясатчылар деги эле эл көзүндө жүргөн адамдар журналисттерден маек алганын элестетсеңиз. Кантип деп суроо салышыңыз толук мүмкүн. Мындан ары Sputnik Кыргызстан агенттиги журналисттерден маек алган саясатчылардын интервьюларынын сериясын жарыялайт.

Депутат Каныбек Иманалиев өзгөчө окуяларды тартып коомчулукка белгилүү болуп калган журналист Азият Жекшеевден маек алды. Алар он жылдан кийин кайсы жерден жолугуп, эмне тууралуу сүйлөшүүнү болжошконун бул жактан окуңуз. Жекшеевге Иманалиев кандай курч суроолорду бергенин да маектен окусаңыз болот.

Эң жаш мугалим. 17 жашында мектепке мугалим болуп кирген Бактыбек Таалайбеков учурда Ысык-Ата районунун билим берүү мекемесинин окуу бөлүмүн жетектейт. Анын мугалим болуп иштеп башташы кудум Айтматовдун "Биринчи мугалим" чыгармасын эске салат. Ии, баса Таалайбеков 19 жашында мектептеги окуу тарбия бөлүмүн жетектеген.

Ал ортодо Лейлек районунун Кара-Булак айылындагы мектепти мындан он жыл мурда бүтүп кеткен окуучулар кыштаганын жолдоруна жарыктарды орнотуп, айыл элинин колдоосуна ээ болуп, батасын алып жаткан учур. Ааламга кеткен жол айылдан башталат деп улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматов айткандай туулуп өскөн жерге колдон келген жардамды берип, анын өсүп-өнүгүшүн шарттайлы.

Ош шаарына 23 заманбап троллейбус алып келинип, шаардыктардын кубанычы койнуна батпай турган учур. Бул коомдук автоунаалар 100 кишиге ылайыкташып, 27 орундугу бар. Кантсе да Ош шаарынын тургундары ысыктын күнү маршруттук таксилерге тыгылбай, троллейбустар менен ээн-эркин шаар аралап калышат.

Канды бардык эле кишилер тапшыра албайт экен. Себеби бардыгыбыздын эле ден соолугубуз донор болууга мүмкүнчүлүк бербейт. Эмнеге деген суроолор пайда болсо бул материалдан толук жоопту алсаңыз болот. 

Ооруканага баарыбыз эле түрдүү себептер менен барып калабыз. Ал жактан бахила сатып алуу айрымдарыбыздын кыжырына да тиери бышык. Ошол бахилалар эмнеге сатылат, бекер берсе болбойбу деген суроолорго жоопту бул материалдан окуңуздар.

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКыргызстан президенти Алмазбек Атамбаев жана биринчи айым Раиса Атамбаева
Рабочий визит президента КР Алмазбека Атамбаева во Францию - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан президенти Алмазбек Атамбаев жана биринчи айым Раиса Атамбаева

АКШ президенти Дональд Трампты оңтойсуз абалда калтырган Мелания кайтадан коомчулуктун көңүл борборунда. Казан-аяк кагышат, эрди катын урушат деп кыргыздар бекеринен айтпаса керек. Алар балким сапар алдында кыжылдашып кеткен чыгар деген божомолдорду аргасыздан айтасың. Ии, баса башка мамлекеттин башчылары жубайлары менен кол кармашып, колтукташып эле сопсонун жүрүшөт экен. 

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 67.80 (сатып алуу) жана 68.09 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи-92 үлгүсүндөгү май 38.50 сом, Аи-95 үлгүсүндөгү бензин 40.90 сом, ал эми дизель майы 36.00 сомдон сатылууда.

Соңку сөз ордунда. Жакшы сөз айтып, жакындарыбыздын көңүлүн көтөрөлү деп Расул Үсөналиев

Жаңылыктар түрмөгү
0