Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Бейишке бет алгандардын катарына кошулам десеңиз ...

Жазылуу
Жараткан жакшылыгын мол кылып, иш күнүңүздөр ийгиликтүү улансын.

Жыл айланып, жараткандын улуу рамазан айы босогодо турат. Буюрса, миллиондогон мусулман бир туугандар орозо кармап, кечкисин мечиттерде таравих намазы окулат. Аз да болсо бул айда ичкилик, уурулук азайып, элдин руху тазарат. Ушактарга, жаңжалдарга чекит коюлуп, урушкандардын саны кемийт. Таарынышкандар кечиришип, касташкандар достошот. Ошентип 12 айдын султаны болгон рамазан айы бат эле келип, билинбестен өтүп кетет. Андыктан мүмкүнчүлүк колдо турганда бейишке бет алгандардын катарына туруп, беш парздын бирин аткарууга шашылалы. Азыртан орозого камынып, календарга назар салып, иштерибизди пландайлы. Башкысы ооздун гана орозосун эмес, көздүн, тилдин, кулактын орозосун кармаганды унутпайлы.

Бул айда битир-садага берип, колунда жокторго көңүл буралы. Битир садага берем дегендер болсо быйыл канча сом болгонун муфтият расмий жарыялады.

Жараткандын жакшылыгы жалгыз келбейт демекчи, буюрса, эртең мектептерде акыркы коңгуроо кагылып, балапандар уядан учуп чыгышат. Бардык бүтүрүүчүлөрдү тарыхый күнү менен куттуктап, жашоо эми гана башталып жатканын айткыбыз келет. Болбосо "жашоо ушуну менен гана бүтөт" деген айрым окуучулар мас абалда унаасын учурта айдап, эртеңкисин унутушат. Ушул жагдайды алдын алган ИИМ министрлиги ата-энелерге эскертүү жасады.

Ичимдикти ууртап-татып алып унаа айдагандар көрө, балмуздак жеп балалык менен коштошуңуздар. Кайсыл балмуздак жөнүндө кеп болуп жатат десеңиз, Бишкекте балмуздак фестивалы өтүп, таттуу-тарапанын 50 түрү сунушталат.

Ресторан, кафеге барып майрамдаганга өкмөт күн мурунтан эле тыюу салган. Андыктан ресторанга, кафеге барууга болбойт. 

Ресторан демекчи, жакында түрттүрүлөт делген "Нарын" рестораны тууралуу видеону бул жактан көрсөңүз болот.

Бүгүн тоолуу райондордо жамгыр жаайт.

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 67.80 (сатып алуу) жана 68.11 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи-92 үлгүсүндөгү май 38.50 сом, Аи-95 үлгүсүндөгү бензин 40.90 сом, ал эми дизель майы 36.00 сомдон сатылууда.

Соңку сөз ордунда. Рамазан айыңыздар кут болсун!

Амандыгыңызды тилеп, Исмаил Мамытов.

Жаңылыктар түрмөгү
0