Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Шаардыктардын романтикасын чектегендер...

Жазылуу
Жаздын келиши менен тоо койнуна барууну каалагандар арбын болору маалым эмеспи. Тоого барсаңыз да, үйдө отурсаңыз да башкысы — сиз үчүн көңүлдүү болсун. Ал эми бүгүн мен алгачкы жолу "Бурадар" жазып, тушоом кесилип жатат. Кудай буюрса мындан ары бат-баттан ал-жай сурашып турабыз.

Анда кечээги күнгө көз жүгүртөлү. Эл эми жумушуна келип этек-башын түздөп жатканда депутат Жанар Акаев "Венгрия сунуштаган гранттык орундарга жалаң чоңдордун балдары кетти" деп социалдык тармактагы талкууларга жем таштады. Ал арада Билим берүү министрлиги Акаевдин билдирүүсүн четке каккан түшүндүрмө берди.

Бул жакта кызыл чеке талашка түшүп жатканыбызды сездиби, айтор, Кыргызстанга Европанын асманы жабык бойдон кала берди.

Ажо болом дегендердин биз билип-билбеген жактары. "Аттын аттан неси артык, ашыра баскан изи артык, эрдин эрден неси артык, элим деп күйгөн иши артык" деген накыл кеп бар, андыктан эл жүгүн мойнуна алууга чамынып турган эрендер менен таанышып алыңыз

Көөнө сөздү көөнүңө түйүп ал! Эски сөздөрдүн түшүндүрмөсүн сунуштайбыз. Отко суу чачып өчүрүүгө болбойт.

Суу сыйлаган зор болор… Бир сааттык өмүрүбүздү суусуз элестете албайбыз. Суунун кадырын билгенибиз менен кээде ага карата бир топ туура эмес иштерди да жасап иебиз. Мындан улам сууга байланыштуу тыюуларды бул жактан окуп койсоңуз ашыктык кылбайт

Көргөндөн көрө элегиң көп. Мамлекеттик тарых музейинде сакталып, коомчулуктун назарына сунушталбай, катылып жаткан экспонаттарды бизден көрүңүз.

Көчөдө баратып кокусунан сууга сууга түшүп кетпейин десеңиз, же түшүп калбай, же оңдолбой "өлбө, жаным, өлбө" болуп турган Бишкектеги көпүрлөрдү билип алыңыз. Эххх… адатта мындай жерде романтикалуу жолугушуулар өтчү эле. 

Адам этинен жасалган манты. Сегиз кызды өлтүргөн киши жегич тууралуу милициянын полковниги, белгилүү публицист Александр Зеличенконун баяны Төбө чач тик турат!

Эми коңшу өлкөлөргө назар салалы. Путин Россиянын тышкы иштер министрин тамашага салса, казак полициясы айдоочудан акча өндүргөн бөбөктүн ата-энесин таба албай убара.

Күндүн көзү бузулуп… Күндүн аптабынан качып көлөкө талашып калдык эле, аба ырайы "мына сага" деди окшойт. Караколдо катуу шамал болуп көп кабаттуу үйдүн чатырын учуруп кетсе, Ош шаарынын негизги көчөлөрүн суу каптады. Баса, бүгүн да жаан-чачын күтүлөрүн Кыргызгидрометтен айтышты.

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 67.90 (сатып алуу) жана 68.00 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи-92 үлгүсүндөгү май 38.50 сом, Аи-95 үлгүсүндөгү бензин 40.90 сом, ал эми дизель майы 36.00 сомдон сатылууда.

Соңку сөз ордунда. Бактылуу өмүр жок, бактылуу күндөр гана болот.

Эс алуу күндөрү тоо койнунда шишкебек жебесеңиз да, сейил бактагы салкын абада өткөрүшүңүздү тилеп, Эламан Карымшаков.

Жаңылыктар түрмөгү
0