20:46 20 Аяк оона 2017
Түз эфир
Бишкек шаары. Архив

Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Нысапсыз хакерлер менен таңгалдырган такыбалар

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Бурадар
Кыскача шилтеме алуу
490 0 0

Арыбаңыз, мекендеш. Жакшы жатып, жай турдуңузбу? Бүгүн күнгө шейшемби.

Бүгүн борбордо 27 градус ысык болот. Ош, Жалал-Абад, Баткен, Чүй жана Талас облустарынын айрым жерлеринде жаан-жаап, күн күркүрөйт. Ал эми Бишкекте азыр салкын болуп турган менен ысыктын табы бир топ көтөрүлөрүн синоптиктер кабарлады. 

Азыр көптөрдүн иши компьютерсиз бүтпөй калгандыктан, абайлабасаңыз, Wanna Cry деп аталган вирус жайлап жатыптыр. Документти тосмолоп салганы аз келгенсип, ачып бергенге акча сурайт экен анысы… Нысапсыз хакерлер… 

Ажырашпаганга аракет кылып көрчү. Антпегенде эмне дейсиң, кайсыл улут, кандай динде болбосун, дегеле үй-бүлө деген уянын бузулушун ким калаасын. Кыргызстанда бир жыл ичинде сегиз миң үй-бүлө ажырашкандыгы туурасында кечээ видеокөпүрөдө айтылды… Бул эми расмий сандар… Сотко барбай эле экөө эки жакка басып кеткендер канча… Антсе да, бул сандар аз болсо деген ой турат. 

Үй-бүлө деп калдык, темага үндөшүп кеткен тест жасаган элек. Кызык болсо, бир көз салып коюңуз.

Камсыздандырбасаң, талаада каласың. Кырсыкты кайдан деп болбойт, жер көчкү, зилзала, сел дагы башка табигый кырсыктар… Камсыздандыруу азыркы замандын талабы болуп турат… Антпесеңиз, иш чатакка айланат. Мындай жагдайга кабылган жарандар тууралуу төмөндө окусаңыз болот. 

Жеткенибиз жети, жетпегенибиз эки иреттен сөгүп калабыз. Ал эми жанга күч келсе, аллабыз оозубуздан түшүп ал ошол кызыл шапкечендерге чуркайбыз. Ошол милиция түзүлгөндөн тарта, дээрлик бир кылым ичинде ичинде өз катарынан 145 кызматкеринен ажыраптыр… 

"Молдокелер" "разборкасы". Интернет айдыңына сакалчан, имам же дин кызматкерине окшогон киши өзүнүн кесиптештерине кол көтөрүп жана орус тилинде уят сөздөр менен сөгүнгөнү тартылган видео тарады

Валюта наркы. Бүгүн сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 67.48 (сатып алуу) жана 67.80 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи-92 үлгүсүндөгү май 38.50 сом, Аи-95 үлгүсүндөгү бензин 40.90 сом, ал эми дизель майы 36.00 сомдон сатылууда.

Соңку сөз. Ишенген кожоң сууга акча, алды-алдынан тал карма.

Аптаңыздарды бейгам өтүшүн каалап, Нургүл Максутова

Белгилер:
ажырашуу, милиция, вирус, Мунай, валюта, Бурадар

ЭҢ МААНИЛҮҮ