Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Эч жакка чыга албай калган Канат Исаев

Жазылуу
Жума аяктап бардыгыбыз дем алышты самап турган учур. Күн жакшы жылыбай жатат деп жаттык эле, эми көлөкөдөн чыкпай калдык окшойт.

Жогорку Кеңештеги "Кыргызстан" фракциясынын депутаты Канат Исаевге мурда козголгон кылмыш ишинин алкагында "коррупция" беренеси боюнча айыбы угузулуп, сыртка чыкпоо боюнча тил каттын негизинде үй камагына алынды. УКМКнын билдиришинче Исаев Токмоктун мэри болуп турганда шаардын жерин жеке компанияга берип жиберген.

Кыргызстанда президент шайлоо качан болот? Өлкөнүн бешинчи президентин шайлоо качан өтөрү көпчүлүктү кызыктырып, айрым саясатчыларды түйшөлтүп жатат. Ушул президенттик шайлоонун куну менен күнү тууралуу бул жактан таанышыңыздар

Ак Mercedes табылды. "Кудайберген" базарынын жанынан 15 жаштагы баланы коюп кеткен айдоочу кармалды. Ал көрсөтмө учурунда ичип алганын айтып, ошондуктан жол кырсыгы болгондон кийин куйругун түйгөнүн айтып берди. Өспүрүмдүн өлүмүнө забын болгон айдоочу эми мыйзам чегинде жазасын алат деп ишенгибиз келет. Айланайын айдоочу, абайлай көр… 

Шаардагы "жайлоо". Ош базардын айланасын машинасы бар тааныштарым "жайлоо" деп коюшат. Себеби, ал жактагы жөө адамдар кудум жайлоодогудай жолду каалаган жеринен кесип өтүп, жол чырактын кызыл же жашыл күйгөнүн уруп дагы ойношпойт. "Кантип эле?" деп суроо салгандар бул видеону бир карап койсоңор ашыктык кылбайт. 

Ошто мыкты мугалим темир тулпарлуу болду. Ошто 11-майда "Жылдын мыкты мугалим — 2017" сынагынын финалы өтүп, "Жетиген" мектеп лицейинин химия мугалими Айжан Абдувапова мыкты аталды. Ага Daewoo Matiz унаасынын ачкычы тапшырылды. Мугалим мөмөлүү дарак дегендей, келечек муунга татыктуу таалим тарбия берген эже-агайлар көп болсун.

Мына ушундай эже-агайлардан таалим алган Кочкордогу окуучулар быйыл мектепти аяктаганынын 20 жылдыгын белгилейт. Алар Ала-Тоодой эт, ала көлдөй чыктан баш тартып, райондун Кара-Суу айылындагы майып тургунга үй салып беришти. Жардам алгандан жардам берген артык дегендей, кайрымдуу болуп, башкаларга кол суна билели.

Англия менен АКШны багындырган бишкектик профессор. Бул илим адамынын китептерин Европанын мыкты университеттеринин студенттери окушат. Нурлан Наматов тууралуу бул жактан окуңуздар

Бакалоо, бейлөө. Негизи сиз кыргыздын көөнө сөздөрүн билесизби? Мисалы баймак, боро, бордоку деген сөздөрдүн мааниси сизди кызыктырабы? Эгер мен суусар булгун жаныбар десем эмнени түшүндүңүз? Бул сөздү түшүнүү үчүн биздин материалды бир сыйра окуп чыгыңыз.

Валюта наркы. Бүгүн сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 67.65 (сатып алуу) жана 67.97 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи-92 үлгүсүндөгү май 38.50 сом, Аи-95 үлгүсүндөгү бензин 40.90 сом, ал эми дизель майы 36.00 сомдон сатылууда.

Соңку сөз. Бардыгы тазалыктан башталат. Ар бир жасаган, баштаган ишибиз таза болсун. Андан сырткары, ички дүйнөбүз дагы, денебиз дагы таза болсун деп Расул Үсөналиев

Жаңылыктар түрмөгү
0