Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Ардагер жашын агызбайлычы... Ак Mercedes өзүң кел!

Жазылуу
Арбаңыздар, туугандар. Алтүндөгү табигаттын добулу, чартылдаган чагылганы... баарыбызды бир эмес, бир нече жолу селт эттирди окшойт... Эртең менен күн эч нерсе болбогондой жаркырап калганынын карасаң деп биздин бильд жигитибиз Азамат Тотубаев сүйлөнүп жатканын кулагым чалды.

Эмнеси болсо да жашоодогу ар бир күн, ошол эле биз нааразы болуп жаткан жамгырдын ар бир тамчысы, дегеле бейкут күндүн өзү баа жеткис. Кечээ түнү 15 жашар бала ооруканада өмүрү менен коштошту. Өспүрүм саналуу мүнөттөн кийин машине алдында каларын кайдан билиптир… Баланы койдуруп кетти деген ак түстүү Mercedes Benz унаасы менен айдоочуга издек салынды

Анткен менен кечээ бир ата-эненин жүрөгү ордуна келди окшойт. Борбор калаадан 6-майда жоголуп кеткен 19 жаштагы Айзат Айтбекова аман-эсен табылды

Жакында эле 9-майда ура, ура менен белгилеп, эскерчүлөр эскерип, акылдуулар сындап бүтүп калганда, бош конверт менен бозоргон ардагердин окуясы "кап" дедирди.

Ардагердин жашын агызбагылачы… Улуу муундардын ушундай бир азап менен иштегендигин кечээ Чоң Чүй каналынын курулушунан көрдүк го. Сөздүн түз маанисинде эле бул канал кан жана тер менен жуурулушуп курулуптур. Ал согушка чейинки жана согуштан кийинки мезгил экен. Андыктан, улууларды убайымга салганга акыбыз жок. 

Бул жерден аталган курулуштун буга чейин көптөр көрө элек сейрек сүрөттөрү тизмектелди.

Жер титирөөгө кабылып, чатыр, бой үйдө жашап жаткан чоң-алайлыктар суукка кайыл болуп, аман калганыбызга шүгүр деп отурушат. Анткени менен күз деле ыраак эмес, алардын үй-жай маселесин чечүү үчүн тиешелүү тараптар эмитен кыймылдап баштабаса болбойт го… 

Ааламда. Адамдар акылынан айный баштаганда… "Аялга кирип кеткен жин-шайтанды кууйм" деп аны тирүүлөй өрттөп жиберген Никарагуадагы дин кызматкери темир тордун артына жиберилди. Эми ошол жерде 36 жыл бою "жин куумай" болду. 

Валюта наркы. Бүгүн сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 67.73 (сатып алуу) жана 68.10 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи-92 үлгүсүндөгү май 38.50 сом, Аи-95 үлгүсүндөгү бензин 40.90 сом, ал эми дизель майы 36.00 сомдон сатылууда.

Соңку сөз. Кыргызда "тебетей тегеренгенче" деген сөз бар…

Күн жакшы өтүп, көңүлдөр тынч болсун. Урматым менен, Нургүл Максутова

Жаңылыктар түрмөгү
0