Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Улуу Жеңиш майрамы 9-май менен бүтпөсө...

© Sputnik / Табылды КадырбековШествие Бессмертного полка в Бишкеке к 72 годовщине Победы
Шествие Бессмертного полка в Бишкеке к 72 годовщине Победы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эс алуу күндөрү көңүлдүү өттү деген тилек менен иш күнүн баштайлы.

Ошентип 10-майдын таңы атып, Улуу Жеңиш майрамы да аяктады. Майрамдын эртеси да болот демекчи, жылына бир жолу көңүл бурулган ардагерлерибиз ушуну менен кийинки жылга чейин экинчи планга жылат. Ооба, канчалык дене бойду дүркүрөткөн сөздөрдү сүйлөп, патриот экенибизди көрсөткүбүз келгени менен иш жүзүндө ушундай. Бул ирет дагы көнүмүш адат кайталанбайт деп эч ким кепилдик бере албайт. Андыктан, аталарыбыздын эрдигин бир гана 9-майда эмес, ар күнү эстеп, барктап жүрсөк дурус болот. Ал эми ушул майрамды көңүл чордонунан чыгарбаш үчүн, кечээ күнү болгон иш-чараларга назарыңыздарды бурабыз.

Таң атпай баатырлардын урпактары калаанын түштүк тарабына чогулуп, Улуу Ата Мекендик согушка катышкан ардагерлердин сүрөттөрү менен "Өлбөс полк" акциясы уюштурулду. Анын алкагында 30 миңден 50 миңге чейинки адам жүрүш жасады. Жүрүштүн башы Лев Толстой көчөсүнөн башталып Иса Ахунбаев көчөсүнө чейин созулуп, баш-аягы эки чакырымга чейин жеткен. 

© Sputnik / Табылды КадырбековЧоң эне жана селфи. "Өлбөс полк" акциясы учурундагы мыкты көз ирмемдер
Шествие Бессмертного полка в Бишкеке к 72 годовщине Победы - Sputnik Кыргызстан
Чоң эне жана селфи. "Өлбөс полк" акциясы учурундагы мыкты көз ирмемдер

Эгерде ушул эле "Өлбөс полктун" жүрүшүндөгү сүрөттөрдү көрөм десеңиз, талантуу сүрөтчүбүз Таба Кадырбековдун эмгектери бул жакта.

Майрамдык иш-чара бир гана борбор калаада болбостон, өлкөнүн чар тарабында уюштурулду. Баткен, Талас, Нарын, Ошто "Өлпөс полк" кандай өткөнүн бул жактан көрсөңүз болот.

Майрамдын жүрүшүндө өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев кыргыз элин куттуктап, ардагерлерге чың ден соолук каалады.

Ал эми салт боюнча Улуу Жеңиш майрамына карата уюштурулуп келген көк бөрү оюну да жылдагыдан кызыктуу болуп, Таластын командасы биринчиликти багындырды.

Мындан сырткары, Жеңиш аянтында чимириле бийлеген 720 жуп, келгендерди таңыркатып, өзгөчө маанай тартуулашты

Ошентип майрам сегиз мүнөткө созулган салют менен жыйынтыкталды.

Валюта наркы. Бүгүн сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 67.63 (сатып алуу) жана 67.01 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи-92 үлгүсүндөгү май 38.30 сом, Аи-95 үлгүсүндөгү бензин 40.70 сом, ал эми дизель майы 35.70 сомдон сатылууда.

Соңку сөз. Өткөндөр даңкталмайын, тирүүлөр баркталбайт.

Амандыгыңызды тилеп Исмаил Мамытов

Жаңылыктар түрмөгү
0