Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Айгүл эмнеден жазды...

Жазылуу
Көз ачып жумгуча май майрамдары да келип калды.

Мындай майрамдардын алдында биздин редакциянын акылдуусу, сулуусу, кыскача айтканда, жөн гана Нургүл Максутованын туулган күнү. Нургүл эжени бүгүн куттуктап, сөз сүйлөйм дегендер кезекке да туруп калышты. Бул жашоодо дайыма жаркылдап, жайнап, айланаңызга жарык чачып жүрө бериңиз.

Улуу Жеңишке карата Бишкек шаарында бир топ майрамдык иш-чаралар болот. Алар 4-майдан тарта башталат. Биздин айылда согуш ардагери Казак ата бар эле. Ал дайыма согуш тууралуу айтканда көзүнө жаш алып "мындай алааматты кийинки муун, силер көрбөгүлө" деп көп айтчу. Андыктан дайыма тынчтыкта, биримдикте, ынтымакта жашайлы. Ата-бабаларыбыз алып берген Жеңиш майрамы баарыбызга кут болсун.

Эй, Россия, Россия… Кыргызстандын 240 миллион карызын дароо толугу менен кечти. Ошентип биздин сырткы карызыбыз бир аз дагы болсо азайды көрүнөт. Ии баса, Россияга болгон бул карызыбыздан биз он жыл ичинде жылына 30 миллион доллар төлөп кутулмакпыз.

"Каратист" Жайнакова жазаланды. Жыл жаңырары менен эле Ошто милиция кызматкеринин кашын жара тепкен ырчы Алтынай Жайнакова төрт жылга шарттуу кесилди. Буга чейин "чодураңдаган", милициянын пагонун жулуп алган кыздар чыкты эле. Эми мындай жулуңдаган кыздар азаят деп ишенгим келет.

Айгүлдү ыйлаткан кыз изделип жатат. Баткенде Айгүл гүлүн үзүп алган кыздын сүрөтү социалдык тармактарда катуу талкууга алынды. Аны учурда милиция издеп жатат. Кыздын өзүнүн айтымында, ал үзүп алган бир кучак гүл менен 2013-жылы сүрөткө түшкөн имиш. 

Бишкек шаары россиялык туристтер эң көп келген 10 калаанын катарына кирди. Рейтингди ТурСтат аналитикалык агенттиги түзгөн. Бишкек шаарынын алдыңкы, эң кооз, эң коопсуз шаарлардын катарына киргизүү өзүбүздүн колдо экенин да унутпасак.

Ии, баса, Бишкек шаарында бурала баскан модель кыздар тандалды. Алар бир гана ажарына эмес, акылына, шык-жөндөмүн да көрсөтүп, калыстар арасынан мыктысын тандап алды.

Австриядагы кыргыздар Вена шаарында баланы бешикке салып, келген конокторго устукан тартканда австриялык коноктордун ооздору ачылыптыр. Казан-казан этти, анан бешбармакты көрбөгөндөр кантсин.

Валюта наркы. Бүгүн сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 67.44 (сатып алуу) жана 67.74 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи-92 үлгүсүндөгү май 38.30 сом, Аи-95 үлгүсүндөгү бензин 40.70 сом, ал эми дизель майы 35.70 сомдон сатылууда.

Соңку сөз. Жакшы сөз айтып, жакындарыбыздын көңүлүн көтөрөлү. Расул Үсөналиев.

Жаңылыктар түрмөгү
0