Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Сулууларга суктанууга акым бар!

© AP Photo / Vladimir VoroninПраздничное мероприятия "Тысяча женщин в ак-элечеке — 2017" в Бишкеке
Праздничное мероприятия Тысяча женщин в ак-элечеке — 2017 в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Май майрамдарына саналуу гана күндөр калды. Эки күн чадасак эле майрамдарга көтөрүңкү маанай менен кирип барабыз.

Сулууларга суктанууга акым бар деп ырда айтылгангандай, сиз эми футбол сулууларын тандап, арасынан өзүңүзгө жаккандарына добуш бере аласыз. Финалга чыгам деп тогуз бийкеч ат салышууда. 

Ал эми Россия ИИМдин академиясынын курсанты Жылдыз Жумабаева дагы көптөгөн мырзаларды кайдыгер калтырбайт. Окуудан тышкары самбо жана дзюдо менен машыгат. Жылдыз Кыргызстандын берекелүү Ош облусунан болот.

Мурдагы айыл чарба министри Төрөгул Беков былтыр Россияда сууга түшүп кеткен аялды куткарып калганын бардык ЖМКлар жазып чыккан. Экс-министрдин ошол эрдиги унутта калбай Россия ӨКМи аны атайын төш белги менен сыйлады. Карапайым калктын арасынан баатырлар көп чыга берсин.

Сагынычтуу салам кат. Улуу Ата Мекендик согушка кеткен эр-азаматтар ошол учурда жакындарынан, мекенинен кат аркылуу гана кабар алып, сагынычтарын жазып турушкан. Ошол согуш талааларында жүргөн чоң аталарыбыздын үй-бүлөсүнө, жакындарына жазган каттарын Мамлекеттик архив өз сайтына жарыялады. Жүрөктөн чыккан сезимдер, мекенге болгон сагынычты ошол жактан окуңуздар. 

Шашкан шайтандын иши дегендей, Бишкек шаарынан жол чырактын кызыл күйүп турганына карабай жолдон өтүп, аз жерден кишилерди сүзүп кете жаздаган киши кармалды. Айдоочу толготуп жаткан кош бойлуу келинди төрөткөнага алып бараткандыктан ушундай кадамга барганын жүйө келтирүүдө. Эмнеси болсо да бул окуяга Кайгуул милициясы чекит коёр.

Кыргызстандыктардын сөөгү Москвадагы таштанды жайынан табылды деген маалымат Россиянын ЖМКларында желдей тарады. Үрөй учурган бул окуянын чоо-жайын Кыргызстандын Россиядагы элчилиги текшерип жатат

Валюта наркы. Бүгүн сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 67.56 (сатып алуу) жана 67.87 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи-92 үлгүсүндөгү май 38.30 сом, Аи-95 үлгүсүндөгү бензин 40.70 сом, ал эми дизель майы 35.70 сомдон сатылууда.

Соңку сөз. Жамандыкты амандык жеңет демекчи дайыма аманчылыкта бололу. Расул Үсөналиев

Жаңылыктар түрмөгү
0