Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Нурсултан Назарбаевдин боорду эзген анекдоту

Жазылуу
Ошентип өмүрдүн дагы бир күнү башталды. Жараткан бөөдө кырсыктан сактаса эле, аны жагымдуу ирмемдер менен коштоо өз колубузда.

Анүстүнө бүгүн жаан жаап жатат. Мындай аба-ырайы кечке чейин уланып, күн күркүрөй турганы дагы күтүлүүдө. Дегеним жуманын аягы, эс алууну баштоого, жоро-жолдоштор менен кезигүүгө же жөн гана ысык чай ичип үйдө отурууга болуп көрбөгөндөй ыңгайлуу күн. 

Ар дайым бошобогон веложол. Баса, жаан басылса Бишкектин жашылга оронгон көчөлөрүнө сейилдеп же велосипед тээп келсеңиз болот. Бирок Токтогул көчөсүндөгү веложолго түшүңүз деп сунуштай албайбыз. Анткени ал жолго ар дайым унаалар токтоп аларын өз көзүбүз менен көрдүк. 

Түрк ашпозчусу тууралуу. Тамакка татымалдарды "каадалуу" себелеп, бир нече ай мурун интернетти жарган түрк ашпозчусу Нусрет Гөкче эсиңизде болсо керек. Көрсө ал интернет аркылуу атакка жетүү үчүн пиар компанияга 2 миллион доллар төлөптүр. Гөкче Голливуд актеру Леонардо Ди Каприону коноктоо үчүн да ири суммадагы каражат берген экен.

Саясат жаатына кайрылсак, Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев жыйын учурунда анекдот айтып, катышуучуларын күлдүрсө, биздин өкмөт башчы парламент алдында отчетун берди. Ал эми Жогорку Кеңеш премьер-министр Жээнбековдун отчетун канааттандырарлык деп тапты.

Өкмөт демекчи, кечээ ал Дача айылындагы авиакырсыктан каза болгондордун жакындарына жана жабыркагандарга ӨКМдин атайын эсебине чогулган акча таратылганын билдирди. Маалыматка караганда, жалпысынан 100 миллион 499 миң 300 сом чогулуптур. 

Ступендия алып окуган ашпозчулар. Ал эми Баткен облусунун Карабак жана Төрт-Күл айылдарынын 28 тургуну тигүүчүлүк жана ашпозчулук боюнча окушууда. Бириккен Улуттар Уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү жана жергиликтүү бийлик менен биргеликте жумушсуздукту жоюу максатында уюштурулган иш-чарадан билим алып жаткандардын ар бирине 300 сомдон стипендия берилүүдө.

Кесип демекчи, Кыргызстанда доула деген жаңы кесип пайда болуптур. "Доула" грек тилинен которгондо "кызматчы" дегенди билдирет. Алар аялзатынын боюнда бар маалдан тартып ага төрөт учурунда, төрөттөн кийин жардам көрсөтүшөт. Журналист Гүлдана Талантбекова бул кесипти аркалаган саналуу адистердин бирин кепке тартты

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкектин борборундагы ажайып бак. Гүлдөгөн магнолия, кучак жетпеген теректер
Ботанический сад на улице Горького в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Бишкектин борборундагы ажайып бак. Гүлдөгөн магнолия, кучак жетпеген теректер

Валюта наркы. Бүгүн сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 67.55 (сатып алуу) жана 67.70 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи-92 үлгүсүндөгү май 38.30 сом, Аи-95 үлгүсүндөгү бензин 40.70 сом, ал эми дизель майы 35.70 сомдон сатылууда.

Соңку сөз. Кыргызстаныбызда тынчтык болсун!

Аманчылык тилеп Бегимай Бакашева

Жаңылыктар түрмөгү
0