Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Көз жарган латыш келин, "тебеленген" милиция

Жазылуу
Агарып аткан таңдай бүгүнкү күнүңүз куунак жана жайдары өтсүн.

Сүйүнчү! Былтыр кыргызга келин болгон латыш кыз Анастасия көз жарып, жубайы Уларбекти кырк жылкылуу кылды. Жаш жубайларга куттук айтып, бешик боосу бек болсун демекчибиз.

Дагы бир көңүл кубанткан жаңылык Кытай жергесинен келди. Үрүмчү шаарында жашаган этникалык кыргыз Кыраанбек Макен уулу башында турган Xinjiang Flying Tigers деп аталган баскетбол командасы Кытайдын чемпиону аталды

Багы жокко дагы жок. "Сезим" кризистик борборунда баш калкалаган келиндердин кайгылуу да, азаптуу да окуяларын ушул жактан окуй аласыз. "Турмушта боло берет" деп кол шилтеп койбой, өздөрүнүн бактысы, балдарынын келечеги үчүн күрөшүп жаткан аялзатына даңк…

Ээнбаш айдоочу элиргенде. Коомдук тартипти карап, адыраңдаган айдоочуларды тескеген милиционерлер кээде өздөрү алсыз болуп калат. Айтайын дегеним, кечээ жакында эле Бишкекте бир айдоочу милиция кызматкерин айткарындарына кулак салбай, өзүм билемдик менен аны машинасы менен жөөлөп, тебелеп да кетти. Андан да жулунуп, омуроологонун айт! Өз ишин так аткарган милиционерлердин бар экени кубандырат.

Ошол эле учурда милициянын атын булгаган кызматкерлер да жок эмес. Бишкек шаарындагы мектептердин биринде уурулук кылды деп милиционер шектелип жатат.

Уйдан жок, уй балаган жиптен жок. Кыргызстандын жарандыгын берүү берүү боюнча президенттин жарлыгы чыкканына 22 жаштагы Гүлшода Мажидова сүйүнүп турат. Эми ал жарандык алуу үчүн Кыргызстанга келип, документтерди толтурушу керек. Бирок ымыркайы менен Россиядан чыгуу үчүн күйөөсүнүн уруксаты талап кылынат. Гүлшода күйөөсү кайда экенин билбейт. Эми ал же Кыргызстандын, же Өзбекстандын жарандыгынан жок ара жолдо калуу коркунучунда турат

Салбуурундун кзыгы. Бул — кыргыздын аңчылык өнөрү экенин баары эле билбесе керек. Ошол оюндун өзгөчөлүгү, маани-маңызы тууралуу Салбуурун федерациясынын президенти Алмаз Акунов кенен айтып берди

Сапарга чыгар алдында жазылбаган айрым эрежелер бар. Аны ар бирибиз бир жакка барар алдында билип-билбей болсо да карманып келебиз. Мына ошол салынган "тыюуларды" бул жактан окуп, өзүңүздүн оюңузду айтсаңыз болот.

Валюта наркы. Бүгүн сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 67.53 (сатып алуу) жана 67.85 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи-92 үлгүсүндөгү май 38.00 сом, Аи-95 үлгүсүндөгү бензин 40.70 сом, ал эми дизель майы 35.50 сомдон сатылууда.

Соңку сөз. Колдо бар нерсенин баалап, баркына жетип, топук кылып жашайлы. Кыбыраган кыр ашат деп Расул Үсөналиев.

Жаңылыктар түрмөгү
0