Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Кубик-рубик чогултуп көрдүңүз беле?

Жазылуу
Буюрса, шаарыбыз жашылга оронуп, жаратытыш көз кубантып кулпуруп келе жатат.

Бирок жаан-чачындын басылгысы жок. Бүгүн дагы өлкө аймагында маал-маалы менен жамгыр жаайт экен

Жамгырдуу аба-ырайында эмне иш кыласыз? Билбей турсаңыз, сүрөт көргөзмөсүнө барып келиңиз. Бишкекте "Башкача Путин" аттуу көргөзмө ачылды. Экспозицияга Россия президентинин дүйнө лидерлери менен болгон жолугушууларын, аземдүү иш-чаралардагы кадрларды көрүүгө болот. Ошондой эле көргөзмөгө Путиндин эс алуу маалындагы сүрөттөрү чагылдырылган

Анткен менен Акыкулдун үйүн көрчү киши жок. Кыргыздын классик акыны Алыкул Осмоновдун үй-музейи оңдоп-түзөө иштерин талап кылып турган чак. Тамдын чатырынан суу сарыгып, дубалдарынын капталы упаранып түшө баштаган экен. "Алыкул үй борбору" коомдук бирикмесинин жетекчиси Памирбек Казыбаев үй-музейде 17 жылдан бери бир дагы ремонт болбой, суу ичиндеги экспонаттардын сакталышына терс таасирин тийгизип жаткандыгын айтат. 

Минтип чоңдор ар кандай көйгөйлөр менен баш оорутуп жатканда, кичинекей кыргызстандыктар өздөрүнүн чакан дүйнөсүнүн эшигин ачып, адам мүмкүнчүлүктөрүнүн чексиз экенин далилдеп жатышат. Алты айлык Раим сөздөрдү окуса, Чыңгыз аттуу окуучу бала 11 секундда кубик чогултат

Чет жерде жашаган кыргыздардын дагы жетишкендиктери жок эмес. Үрүмчү шаарында жашаган этникалык кыргыз Кыраанбек Макен уулу башында турган баскетболдук команда Кытайдын чемпиону болду. Сыймык эмей эмне?!

Анткен менен Түштүк Кореядагы мекендештер санаага салды. Алардын коопсуздугуна бир аз кабатырланып турган кезибиз. Аталган өлкөгө сокку уруу коркунучу жаралып, ал жактагы 8000ге чукул кыргыз мекендештерден кабар алдык. Азырынча абал тынч, жашоо өз нугунда өтүп атканын билдик. Тынччылык эле болсо экен!

Рекорд. Ал ортодо дүйнө дем албай көрүп жаткан "Форсаж-8" тасмасы бир жумада чогулткан каражат боюнча дүйнөлүк рекорд койду. Акыркы жумада аталган тасмага сатылган билеттерден 532,5 миллион доллар түшкөн

Валюта наркы. Бүгүн сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 67.70 (сатып алуу) жана 67.85 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи-92 үлгүсүндөгү май 38.00 сом, Аи-95 үлгүсүндөгү бензин 40.70 сом, ал эми дизель майы 35.50 сомдон сатылууда.

Соңку сөз. Жакшылыктар алдыда!

Ийгилик каалап Бегимай Бакашева

Жаңылыктар түрмөгү
0