Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Айланайын айдоочу, абайлачы...

Жазылуу
Жаңы апта, жаңы күн ийгиликтүү болсун.

Кыргыздар өтө таланттуу десем аша чапкандык болбос. Жо-оок, маданият, өнөр жаатын айткан жокмун. Ал жагы талашсыз. Дегеним, айдоочулар өзгөчө талантка ээ. Бир эле учурда акчаны санап, артканын берип, оозго тамеки салып, ийин менен кулакка телефонду кыпчып, анан бошоп калса рулду башкарат. Талант эмей эмне? Ушул турушта жай айдаса го макул. Картошка жүктөп бара жаткансып, ансыз да көл үстүндөй мелтиреп турган, бир дагы аң-чөнөгү жок, "түптүз" көчөбүздө ылдамдыгын жүздөн ашырып айдайт. Качан унаасы чачырап, дөңгөлөктөрү төрт тарапка кетээр экен деп коркосуң. Каршы тилкеге чыгып, кээде экинчи катар менен барып бурулуп кеткенде башка айдоочулар сөгүнгөн бойдон калат. Байкап туруп, "оп, баракелде!" деп мактайын дейсиң. Бирок оозго башка сөздөр келет. "Мээ барбы? Же сен терминаторсуңбу? Өзүңдүн өмүрүң оюн болсо, жүргүнчүлөрдүкүн ойлобойсуңбу? У, мээң менен десе" деп туруп, бир кезде бор менен так маңдайга берип, сызгыч менен манжаларын чыпылдата чапкан Айнаш эжекенин колуна тапшыргың келет. Болбосо, күн узабай маршруткалар кырсыктап жатат. Кечээ эле 199-маршрутка жол чырактын кызыл күйгөнүнө карабай өтөм деп кырсыкка учурап, тилекке каршы, алты адамды Тез жардам ооруканага алып кетти. Алардын арасында бөбөктөр дагы бар экен. Буга чейин да маршруткалар кырсыктап, жүргүнчүлөр жабыр тарткан учурлар кездешкен. Андыктан бул көрүнүшкө чекит койбосо болбойт. 

Депутаттар ишкерлерге карата мыйзамсыз иш козгогондордун жоопкерчилигин гана күчөтпөй, маршрутка айдоочуларынын дагы тизгинин тартып койсо жакшы болот эле.

Же болбосо, депутаттарыбыз жол тандабастарында чалкалап отурбай, өзбек президентинен үлгү алып, коомдук унааларга түшүп көрсө болот. Ошондо элге жакын болуп, көйгөйдү жон териси менен сезет. Болбосо, ач кадырын ток билбей жатпайбы.

Нуржигит Кадырбеков, айылына жазган катында айткандай, нандын кадырын түшүнгөн тагдыр баарынын башынан өтпөсө керек. Элге окшоп маршруткага түшүп, аягы бүтпөгөн тыгынга турбаса алар көйгөйдү кайдан билмек эле.

Арманыма шайкеш болуп, бүгүн жамгыр жаады

© Sputnik / Табылды КадырбековКөк бөрү кызыгына түшкөн улакчылар. Чолпон-Атадагы ат оюндан алынган ирмемдер
Конноспортивные состязания на ипподроме в Чолпон-Ате - Sputnik Кыргызстан
Көк бөрү кызыгына түшкөн улакчылар. Чолпон-Атадагы ат оюндан алынган ирмемдер

Валюта наркы. Бүгүн сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 68.17 (сатып алуу) жана 68.68 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи-92 үлгүсүндөгү май 38.00 сом, Аи-95 үлгүсүндөгү бензин 40.70 сом, ал эми дизель майы 35.50 сомдон сатылууда.

Соңку сөз ордуна. Бөөдө кырсыктан сак болуңуздар.

Темир тулпарыңыздын тактыгын, ден соолугуңуздун сактыгын тилеп Исмаил Мамытов

Жаңылыктар түрмөгү
0