Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Тойдум! Тыгындан жадагандардын арманы...

© Sputnik / Табылды КадырбековВопрос ДПС: кто должен заниматься воспитанием водителей?
Вопрос ДПС: кто должен заниматься воспитанием водителей? - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жума күнүңүздөр көңүлдүү улансын.

"Жиним келип жатат. Абдан ачуулуумун. Ушу кантип болсун! Карапайым калкты качанга чейин кыйнай беришет? Башка өлкөлөрдүн президенттери келсе эле жол тыгын пайда болуп, жумушка кечигебиз. Маршруттук унааларда тыгын", — деп түртүшүп, тирешип араң бара жатканда тыгынга барып такалып, бир эсе кан басымы көтөрүлүп, ичинен өлкө башчыларын ашатып алгандар, кандайсыңар? Мен да силердин катарыңардамын. Кудай жалгап эртерээк чыктым эле, эфирге жетип келдим. Ара жолдо калып, эфир үзгүлтүккө учурайбы деп, нерв болгонумду айтпаңыз. Канткен күндө да сабырдын түбү сары алтын эмеспи. Буюрса күткөнүбүз жөн болбой, өлкө келечеги үчүн маанилүү делген келишимдерге кол коюлат деп үмүт кылалы. 

Ушул максактта Кыргызтанга келген Россия президенти Владимир Путинди "Манас" аэропортунан гүл кармаган кыз тосуп алды. Ал эми буга чейин Молдованын, Белоруссия жана Армениянын президенттери келген. Өлкө башчылары ЕАЭБдин жыйынына катышат.

Ал эми 212-маршруткага түшкөндөр үчүн капаланганга таптакыр негиз жок. Анткени андагы жамакчы акын элди ырга салып, маанайды көтөрдү

Болбосо жүргүнчүлөр тыгындан сырткары тынбай жааган жаандан пайда болгон көлчүктөргө түшө берип кыйналышты эле.

Айдоочуларды болсо тыгын учурунда сак болууга чакырабыз. Ушундай эле каныңыз кайнап жатса, Кеминдеги алты адамдын өмүрүн алган жол кырсыгы тууралуу окуп коюңуз. Муну аз десеңиз "Манас" аэропортунун жолунда бус менен BMW кагышып, эки киши каза болгон кырсык тууралуу окуңуз

Такыр болбой жатса, күндүн күлкүсүнө жылыныңыз.

Валюта наркы. Бүгүн сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 68.20 (сатып алуу) жана 68.45 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи-92 үлгүсүндөгү май 38.00 сом, Аи-95 үлгүсүндөгү бензин 40.70 сом, ал эми дизель майы 35.50 сомдон сатылууда.

Соңку сөз ордуна. Аз гана чыдап коюңуз, алдыда эки күндүк эс алуу болот.

Нервиңиздин амандыгын тилеп Исмаил Мамытов

Жаңылыктар түрмөгү
0