Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Түшүмө кирдиң түндө сен...

Жазылуу
Эмнегедир быйыл Ысык-Көлдү өзгөчө сагындым. Же жыл өткөн сайын балалыгың өткөн жердин кадыры арта баштайбы...

Жадакалса акыркы кездерде түшүмө ата-энемдин үйү көп кирчү болду. Бирок жумуш, үй, бала-чака, көр турмуш… Оюм жетсе дагы, өзүм жетпейм.

Ал ортодо Бишкекте турмуш өз нугу менен уланып жатат. Менин жүрөгүмдө сагыныч болсо, дагы бирөөнүкүндө таарыныч, коркуу, сүйүү, айтор, толгон-токой нерселер болуп жатса керек.

Кечээ эле бир келин көп кабаттуу үйдүн үстүнөн боюн таштоого аракет кылды. Кудайга шүгүр, аман алып калышты. Мынча эмне жанынан күч келди экен?..

Бирок ал тагдырына наазары болгондордун бири гана. Мурдагы күнү Бишкектеги ремонттолуп жаткан жер өтмөктөрдө соода кылгандар, иш ордуларына кайра кайтпай каларына кабатыр болуп, митингге чыгышкан. Ал эми кесиптешибиз Исмаил Мамытов жер өтмөктөрдү жаңылоонун күңгөй-тескейи жана соодагерлердин мындан аркы көрөр күнү тууралуу иликтеп көрдү.

Нааразы болгондордун катарында банктык Visa картасынан ири суммадагы акчасын уурдаткан кыргызстандык эки жаран бар.

Ушунча негативдин арасында булуттан чыккан айдай болгон фольклор ырчысы Гүлнара Раймалиева күнүбүзгө түркүн боекторду кошуп койду. Гүлнара айым немис, япон, испан, хинди, араб сыяктуу 20 тилде комуздун коштоосунда созолонто ырдайт экен. ЭМи керемет!

Баса, Бишкекте эки күн бою эки саммит өтөт.

Мындай иш-чаралар учурунда жол тыгындары кандай болоорун өзүңөр жакшы билесиңер. Андыктан өз нервиңерди өзүңөр сактап, маршрутту туура тандагыла.

Жол демекчи, жакында бишкектиктер жолго кетирген убактысын бир аз болсо дагы үнөмдөөгө шарт түзүлөт экен. Бишкектеги автобустар кайсы жерде келе жатканын онлайн түрдө көрүүгө жол ачкан программа жакында ишке кирет. 

Ал эми азырынча аялдамада керектүү автобусту эрте чыгып алып күтүүгө туура келет. Бүгүн кол чатырды унутпаңыз. Синоптиктер мезгил-мезгили менен жаан жаарын айтышты

Валюта наркы. Бүгүн сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 68.40 (сатып алуу) жана 68.50 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи-92 үлгүсүндөгү май 38.00 сом, Аи-95 үлгүсүндөгү бензин 40.70 сом, ал эми дизель майы 35.50 сомдон сатылууда.

Соңку сөз ордуна. Мейли сагынсам дагы, баарыбыз аманчылыкта бололу.

Жакшылык тилеп Бегимай Бакашева.

Жаңылыктар түрмөгү
0