Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Тажикстанга жетпей калдык...

© Sputnik / Табылды КадырбековАвтомобильное движение в городе Бишкеке
Автомобильное движение в городе Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Апрелдин ортосу болуп калса да күн жакшы жылыбай койду. Эртең менен жакшынакай турган күндүн көзү түштөн кийин бузулуп, буркан-шаркан түшкөн шамал болуп жаздын илебин айдап кетти окшойт. Кайгырбайлы, быйыл жай аябай ысык болорун окумуштуулар айтып жатты эле.

Жаз жарыш демекчи, Баткендин дыйкандары суу каналдардын түбүн өз күчтөрү менен цементтеп, күздөгү түшүмдүн камын азыртадан көрүп жатат. Мурда суу жерге сиңип алыска аймактарга жетпей келген болсо, эми какыраган жердин баары гүлдөп, бүрдөп дыйкандарды сүйүнтөт деп тилек кылалы. 

Жашыңда берсин мээнетти. Таман акы, маңдай тери менен чет жакта иштеп жаткан мекендештерибизден уучубуз куру эмес. Бириккен Араб Эмирлигиндеги FlyDubai авиакомпаниясында борт коштоочу болуп иштеген Наргиза Мукамбетованын кызыктуу маегин бул жактан окуңуз

Ии баса, жакында эле кыргыз драма театрынын директору болуп дайындалган Назым Мендебаиров дагы кызыктуу интервью берген. Театр тармагынын оош-кыйышы жана ишти эмнеден баштай турганын кеп салды.

Маршрутка айдагандар жыргап жаткан жок. Күн жылыгандан тарта, ой негизи эле маршрутка менен бир жакка баруу акыркы учурда азап болду окшойт. Жолдун аң-чөнөгү бир тең, биринен-бири озуп жарышканы бир тең. Бирок биз жинденип жүргөн маршруттук таксилердин айдоочулары кандай ойдо, алар жүргүнчүлөр тууралуу эмне деп ойлойт деген суроолор кызыктырса керек. Анда эмесе, маршруттук таксинин айдоочуларынын айта албай жүргөн нерселерин бул жактан окуңуздар

Таэквондочу Нурай Нурлан кызы 18 жашта экенине карабай өз күчү менен зал ачып, балдар-кыздарды тарбиялап келет. Өзүнүн билгенин башкаларга үйрөткөн, машыгуу десе ичке ашын жерге койгон Нурай тууралуу видеону көрсөңүз кайдыгер калбайсыз.

Кыргызстан туризмди өнүктүрүү боюнча рейтингде Тажикстандан артта калды. "Кыргызстан гүлдөп жатат, жыргап жатат" деп төш каккан аткаминерлер, кайдасыңар, бул жыйынтыкка кандай түшүндүрмө бересиңер? Келгиле кур кыйкырып, саясаттан гана сүйлөбөй кичине элдин камын ойлоп, көр оокатты да ойлойлу. Эки жылда бир жарыяланчу рейтингде эми бардыгынан озолу.

Валюта наркы. Бүгүн сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 68.34 (сатып алуу) жана 68.57 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи-92 үлгүсүндөгү май 38.00 сом, Аи-95 үлгүсүндөгү бензин 40.70 сом, ал эми дизель майы 35.50 сомдон сатылууда.

Соңку сөз ордуна. Жаз — жарыш, күз — күрөш дегендей жазында жамбаштап жатпай, жарышып мээнет кылалы деп Расул Үсөналиев.

Жаңылыктар түрмөгү
0