Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Жаз депрессияга түшкөндө...

© Sputnik / Табылды КадырбековМероприятия, посвященные седьмой годовщине Апрельской революции 2010 года в Бишкеке
Мероприятия, посвященные седьмой годовщине Апрельской революции 2010 года в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн апта башы дүйшөмбү. Иш жумабыз ийгиликтүү өтсүн!

Көпкө созулган кыштан кийин келген жаз барктуу болуп, бир аз назданып турат. Келсемби же келбей эле койсомбу деп кылыктанып, Ала-Тоо боорунан көз кырын салат. Кышка таарынгандай түр көрсөтүп, заматта ала булут каптайт да чагылган чаркылдайт. Анан эле эркелеп күн жылмаят. Муздак жел беттен сылап, айлананы жыпар жыт каптайт. Табияттын кооздугуна суктанып, сейилдеп чыксаң эле… ак жамгыр себелеп кирет. Дегеним, жазды жөн жерден айымдарга салыштырбаса керек. Чайыттай ачылып турган күн заматта жамгырга айланып, аягы ызгаардуу кар менен коштолгондо таң калуунун кереги жок. Кудум жазгы депрессияга кабылган айымдардай. Башкысы, депрессиядан батыраак чыкса болгону. Ал эми айымдар эмнеге депрессияга кабылаарын окумуштуулар иликтеп чыгышты. 

Ага ылайык, биздин байчечекейлерибиз орой мамилеге, басмырлоого кабылганда депрессияга кабылышат экен. Ошондуктан, урматтуу мырзалар, айымдарды эркелетип гана туруу керек. Болбосо, айрымдар токойго маймылдар менен жашаганы кетип калышы мүмкүн. 

Анан олжодон кур жалак калып, ар кандай жол кырсыгына кабылышыбыз мүмкүн. Өзүбүз гана жабыркабай, беш адамдын өмүрү кыйылат.

Андыктан спорт менен машыгып, күчүбүздү эл аралык турнирлерде көрсөтөлү. Буга биздин Болгариядан медаль алып келген балбандарыбыз үлгү. 

© Sputnik / Табылды КадырбековЫлдамдык жана секирик. Бишкекте өткөн мото жарыштагы кадрлар
Первый этап международного турнира Кубок Содружества по мотокроссу - Sputnik Кыргызстан
Ылдамдык жана секирик. Бишкекте өткөн мото жарыштагы кадрлар

Муну да аз десеңиз, мото жарышка чыксаңыз болот. Спорт мен үчүн эмес, мен иш кылам, иш дегендер болсо, айылдагы жолдорду оңдоп, көчөт отургузуңуздар. Ошондо Исфана — Сүлүктү унаа жолун бөгөп калган жер көчкүлөр болбойт. 

Анан баары сонун болуп, караокеге барып ырдай бериңиз. Болгону кызматкерлердин айласын алты кетирген учурларды унутпаңыз.

Ошондо баары өз ордуна келип, күн чайыттай ачылат. Аны менен кошо биздин редакциядагы айымдарыбыз дагы өзгөчө сулуу болуп, кеңсебиз жаркырап турат.

Валюта наркы. Бүгүн сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 68.34 (сатып алуу) жана 68.61 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи-92 үлгүсүндөгү май 38.00 сом, Аи-95 үлгүсүндөгү бензин 40.70 сом, ал эми дизель майы 35.50 сомдон сатылууда.

Соңку сөз ордуна. Жаз жана айымдар, биз силерди сүйөбүз!

Күндүн ачыктыгын, айымдардын амандыгын тилеп Исмаил Мамытов

Жаңылыктар түрмөгү
0