Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Кыргызстандын аты дагы бир ирет "дүң" эткенде

Жазылуу
Жок, кыргызстандык болушу мүмкүн эмес! Бул маалыматты жазбайбыз!

Кыргыз дегенде ичкен ашын жерге койгон кесиптешибиз Расул Усеналиев "Санкт-Петербургдагы жардырууга Кыргызстанда төрөлгөн жаран шектелип жатат" деген маалыматка ишенгиси келбей, мылтык такасаң да бул жаңылыкты жазганга колу барбай турду. Редакциянын жарымы менен урушса да жазбайлычы деп чыркырап жатты. Анткен менен ал ортодо аталган маалымат таңкы желдей тарап, дүйнө жүзүнө Кыргызстан деген өлкө дагы бир ирет жаман жагынан таанылды. Башка өлкөнүн ЖМКлары маалымат таратса да мейли го… Жок, биздин эле айрым журналисттер баса калып, "сүйүнчүлөп" жатты.

Ыйлагың келет, ааламга угуза бакыргың келет. Бирок Кыргызстанга дагы бир ирет көө сүйкөлүп калды. Анын арты менен Россияда иштеп жаткан мигранттарыбыздын абалы оорлоп, жөн жерден кыйынчылыкка кабылууда. Ал ортодо айрым маалымат агенттиктер жардырууга шектелген жаран тирүү экендигин, анын эч кандай тиешеси жок экендигин жазып чыгышты. Эми кандай болот? Бул маалымат такталып калса өлкөгө сүйкөлгөн көөнү ким жууйт? Эсиңиздерде болсо Түркиядагы терактыга да Кыргызстандык жаран шектелип, кийин анын күнөөсүз экендиги аныкталган. Андыктан арабанын алдына чыгып чуркабай эле койсок.

Деги эле акыркы күндөрү каргашалуу окуялардын учу үзүлбөй койду. Экс-депутат Садыр Жапаров кекиртеги менен кан тамырын кесип №47 түзөтүү колониясынын ооруканасына жаткырылган. Бул окуяны да ар ким алы жетишинче ар кандай болжолдоп, чымындан пил жасагандар болду. Күн узабай экс-депутат элге кайрылуу жасады. Анда Жапаров баары жакшы экендигин айткан.

Жакшы демекчи позитивдүү материалдар менен да бөлүшөлү. Максат ажы Токтомушев кайрадан азирети муфтий болуп шайланса, Абдишүкүр Нарматов аалымдар кеңешинин төрөгасы болуп кийинки мөөнөткө калды.

Ал эми кесиптешибиз Таалайгул Усенбаева саламдашуу салтына кызыгып көрдү

Шаардык "Жаш канат" бий ансамбли Астанадагы эл аралык сынакта баш байгени багынтты

Бүгүн Кыргызстандын аймагында мезгил-мезгили менен жаан, кар жаап, үшүк жүрө турганын Кыргызгидромет билдирди. 

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 68.38 (сатып алуу) жана 68.61 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи-92 үлгүсүндөгү май 38.00 сом, Аи-95 үлгүсүндөгү бензин 40.70 сом, ал эми дизель майы 35.50 сомдон сатылууда.

Соңку сөз ордуна. Жаратканым жалган жалаадан сактасын.

Амандыгыңызды тилеп Исмаил Мамытов.

Жаңылыктар түрмөгү
0