Амансызбы, бурадар! Өлкөдө 10:15. Сырткы сулуулук маанилүү, бирок...

Жазылуу
Жакында эле теринин жаштыгын сактоого ысыкка караганда муздак абанын пайдасы көбүрөөк экенин окудум эле. Ошондон бери эмнегедир салкынды жактырып калдым. Аба ырайынын дал бүгүнкүдөй мээлүүн тартып турганы майдай жагып турат.

Анткен менен жаздын экинчи айынын төртүнчү күнү башталды. Бир эле теринин жаштыгын карап отура бербей жылы бою курсакты, жан дүйнөнү эмне менен тойгузарыбызды ойлонуш керек.

Мисалы, алдын ала ойлонгон саясатчылар менен алардын "тарапташтары" эрте жазда эле нааразычылык акцияларын баштаган. Бирок алардын пайдасы канча? Митингдердин себептери жана кесепеттери тууралуу тиешелүү адистер ой толгошту.

© REUTERS / Anton VaganovВзрывы в метро в Санкт-Петербургк
Взрывы в метро в Санкт-Петербургк - Sputnik Кыргызстан
Взрывы в метро в Санкт-Петербургк

Бүгүн Россияда дагы тынч эмес. Кечээ Санкт-Петербург шаарындагы "Сенная" жана "Технологический институт" станцияларында жардыруу болду. Жыйынтыгында 10 адам каза болуп, ондогон адамдар жарат алды. Теракт болушу мүмкүн деген божомолдор эл арасында айтылганы менен расмий түрдө жардыруунун себептери айтыла элек.

Теракт демекчи, кечээ Ош ШИИБден Сириядагы "Жебхат ан-Нусра" тобуна үч ай кызмат кылган Ош шаарынын 25 жаштагы тургуну кармалганын кабарлашты. Аталган жаран Россиянын Оренбург шаарында автоунаа алып-сатып иштеп жүргөн. Кийин Сирияга кетүүгө жаңы тааныштары түрткү болгонун айтып берген. 

Ар ким маңдайына жазганын көрөт экен да. Алыскы Ат-Башы районундагы Казыбек айылынын тургуну 18 жаштагы Бейшебай Талантбек уулу эки колу жок төрөлгөн. Майыптыгына карабай аны ата-энеси айылдагы мектепте окутуп, учурда 10-11-класстын базасын шаардагы колледжде улантууда. Бейшебай тагдырдын оор сыноосуна карабай, телефондон шахмат ойноп, созолонто ырдайт. Каарманыбыз бир нече күн мурун биздин редакцияга баш бакты. 

Сөзүмдү жагымдуу кабар менен жыйынтыктагым келип турат. Мындан ары кыргызстандыктардын жашоосу аз-маз болсо дагы жеңилдей турганы айтылууда. Тагыраагы, "Газпром-Кыргызстан" ишканасы "Бухара газ аймагы — Ташкент — Бишкек — Алматы" магистралдык экинчи газ түтүгүн ширетүү иштерин аяктоо алдында турат. Аталган магистралдык газ түтүктөрү Борбор Азия региону үчүн дагы маанилүү. Ал аркылуу Кыргызстандын түндүк аймактары жана Казакстандын түштүк облустары көгүлтүр от менен камсыз болот. 

Валюта наркы. Бүгүн сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 68.45 (сатып алуу) жана 68.55 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи-92 үлгүсүндөгү май 38.00 сом, Аи-95 үлгүсүндөгү бензин 40.70 сом, ал эми дизель майы 35.50 сомдон сатылууда.

Соңку сөз ордуна. Жакшы күндөр алдыда.

Өлкөнүн жаркын келечегине ишенип Бегимай Бакашева.

Жаңылыктар түрмөгү
0