Амансызбы, бурадар! Өлкөдө 10:15. Кекиртегин кескен Жапаров, шаар тазалаган мэр

© Sputnik / Табылды КадырбековПамятник Манас в отражении на луже
Памятник Манас в отражении на луже - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Убакыт учкан куш, кечээ эле жаңыдан кыш келгендей сезилип жатты эле, бүгүн минтип күндүн көзүн көрбөй жатып апрель айынын алгачкы жумасы болуп калды. Же күн ачылбайт, же митинг бүтпөйт, айтор, жаз бир башкача башталды.

Тынч эмес эс алуу күн. Дем алышты же митинг, же дагы башка ызы-чуу менен тосчу болдук. Бул жолкусунда эки айга камакка алынган экс-депутат Садыр Жапаровдун колунун кан тамырлары кесилип, ооруканага жаткырылды. Экс-депутатты карап чыккан дарыгерлер аны колу гана эмес, кекиртеги да кесилгенин кошумчалашкан. 

© пресс-служба мэрии города БишкекОбщегородской субботник по санитарной очистке городской территории в Бишкеке
Общегородской субботник по санитарной очистке городской территории в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Общегородской субботник по санитарной очистке городской территории в Бишкеке

Шаар тазалаган мэр. Борбор калаада жалпы шаардык ишембилик өтүп, ага мэр Албек Ибраимов баштаган муниципалитеттин кызматкерлери, ишкана адистери чыгышты. 

Жаңы кызмат. Кесибин айдоочулуктан баштап президенттик аппарат жетекчисинин орун басарлык кызматына чейин жеткен Икрамжан Илмиянов Кыргызстандын Көк бөрү федерациясынын президенти болуп дайындалды

Саясаттан алыс Акаев. Сыртынан өлкөдөгү кырдаалга көз салып, мекенди сагынып жүргөнүн айткан экс-президент Аскар Акаев Москвадагы экономика форумунда доклад окуган

Ыймандуулар көп болсун. Борбор калаада "Махмуд аль Кашкари" атындагы мечит ачылды. Курулуштун ачылышына Россиянын уламалар кеңешинин жетекчиси Равиль Гайнутдин келип катышып, аны өлкө башчысы кабыл алды

Аты өзгөргөн окуу жай. Эл аралык "Ататүрк — Алатоо" университетинин аты өзгөртүлүп ал жөн гана "Ала-Тоо" деп аталып калды

Азынаган жол тандабас. Бишкекке жакын жердеги Озерное айылында "Погнали" клубунун кубогу үчүн жол тандабастардын жарышы өтүп, күйөрмандардын бүйүрүн кызыткан оюн болду. 

Валюта наркы. Бүгүн сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 68.40 (сатып алуу) жана 68.67 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи-92 үлгүсүндөгү май 38.00 сом, Аи-95 үлгүсүндөгү бензин 40.70 сом, ал эми дизель майы 35.50 сомдон сатылууда.

Соңку сөз ордуна. Бетеге кетип бел калат, бектер кетип эл калат.

Баарыңыздарга тынч жашоо, бейпил күн каалап Таалайгүл Усенбаева.

Жаңылыктар түрмөгү
0