Амансызбы, бурадар! Өлкөдө 10:15. Кыздар кыска кие баштаганда...

Жазылуу
Жаңы эле жонубуз жылып кыздарыбыз кыска кийип, ачылып-чачылып сулуулана баштаганда кайрадан аба ырайы бүркөлүп бүгүн жамгыр жаап, эртең карга айланат деп метеорологдор үрөй учурду. Жаз айынын экинчи айына чукулдап калды, буттан чокой, жондон тон түшө элек. Бирок саясат айдыңында күн эбак эле ысыган....

Жараткандын буйругунан эч ким качып кутула албайт. Дегеним, кыргыз саясатынын башында турган ири фигура Өмүрбек Текебаев бүгүн минтип темир тор артында отурат. Үй камагына чыгаруу боюнча арыз мөөнөтүнөн кеч берилгендиктен соттук коллегия көзөмөл өндүрүштү кыскартып, депутат камакта калды. 

Көзүң жамандыкты көрбөсүн. Дагы бир саясатчы Садыр Жапаровдун уулу атасын колдогон митингге чыга калам деп ойлобогон жерден ал да камакка алынды. Кыргызстандын акыйкатчысы Кубат Оторбаев Бишкек шаардык ИИББдин кабыл алып бөлүштүрүү жайынын абалына мониторинг жүргүзүп, митингчилер, анын ичинде Садыр Жапаровдун уулу менен баарлашкан. Түрмөдөн кудай сактасын!

Бир үйдө караңгы болсо, экинчисинде күн ачык. Жакында эле көз жарган өлкө башчынын кызы Алия уулунун атын коюптур. Оорудан улам акыл-эсимди дагы жоготуп коё жаздадым деген Шагиева наристесине Таир деген ысым ыйгарган.

Кырсык айттырбай келет. НТС телеканалынын журналисттери жол кырсыгына кабылды. Анда журналисттер Жукеев-Пудовкин менен Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишинде Honda Fit үлгүсүндөгү унаа жол бербей койгондуктан аны менен кагышып кеткен. Алардын кырсыктаганы видеого тартылып калган.

Жыландын ичинен чыккан адам. Индонезиянын бир айылында узундугу жети метрге жеткен питон адамды жутуп алган. Жергиликтүү айылдын 25 жаштагы тургуну Акбар Салубиро талаадан түшүм жыйноого чыгып жоголуп кетип, аны айылдаштары жыландын ичинен табышты.

Сактыкта кордук жок. Жаз келип, калың жааган кар эрип өлкөдө табигый кырсыктардын да аягы сууй элек. Аларды алдын алуу максатында биз өлкөдөгү коопттуу аймактарды картага түшүрдүк. 

Эми салттык көрүнүшкө өтсөк:

Валюта наркы. Бүгүн сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 68.50 (сатып алуу) жана 68.77 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи-92 үлгүсүндөгү май 38.00 сом, Аи-95 үлгүсүндөгү бензин 40.70 сом, ал эми дизель майы 35.50 сомдон сатылууда.

Соңку сөз ордуна. "Сактансаң сактайм" дешет эмеспи. Ар бирибиз өзүбүзгө сак, ишибизге так бололу!

Аба ырайына карабай жагымдуу маанай каалап Таалайгүл Усенбаева.

Жаңылыктар түрмөгү
0