Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. 60тан ашкан комбайнчы апа трактор ала албай...

© Sputnik / Табылды КадырбековОтборочный раунд Кубка Азии по футболу — сборная Кыргызстана против Макао
Отборочный раунд Кубка Азии по футболу — сборная Кыргызстана против Макао - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлбөгөн жанга жаз келди. Сыртта эки-экиден жетелешкен жаштар, жүрөктөрдө жылуулук, сүйүү... Көптөн күткөн жаздын жагымдуу күндөрүнө кечээ Макао курама командасы менен топ тебишкен футболчуларыбыз дагы шаңдуу боек сүртүп койду.

Кепти 60 жаштан ашканда комбайн, трактор айдаганды үйрөнгөн жумгалдык Жамиля ападан баштасак. Пайгамбар жашындагы Жамиля Тойчубекова Жумгалдын Эпкин айылынын тургуну, бир кыз, бир уулу бар. Жазгы талаа жумуштары башталчыга ижарага трактор алып алайын деп Бишкекке келген экен, биздин дагы редакцияга баш багып, кантип комбайн, трактор айдап калганын айтып берип кетти

Күндүн жылышы менен дыйкандарга катар уурулар да баш көтөрөт. Дегеним, күн жылууда ачык калган эшик, терезе көрүнүп калабы деген үй тоногучтар жортуулга чыгат. Алардан кантип сактануу керектигин Бишкек ШИИБдин Кылмыш иликтөө башкармалыгынын өкүлү, милициянын подполковниги Асан Токтомамбетов айтып берди. 

Ал ортодо кыргыз генералымын деп мактанып жүргөн аравиялык бизнесмендин айыбы ачылды. Индиялык басылмалардын маалыматына караганда, бизнесмен экс-президент Курманбек Бакиевдин кеңешчиси болуп, бир нече убакыт бою Кыргызстандын эркин экономикалык аймагын жетектеген. Анын Кыргызстандын куралдуу күчтөрүнөн генерал деген наам алды делген маалымат боюнча ызы-чуу чыкканын Outlook India журналы жазып чыкты. Кызык, кыргыз генералы болууга эмнеге ашыкты экен? 

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандык футболчулардын жеңиши сүрөттө
Отборочный раунд Кубка Азии по футболу — сборная Кыргызстана против Макао - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандык футболчулардын жеңиши сүрөттө

Кечээки күндү жыйынтыктап берген футболчуларыбызга ыраазычылык билдирели. Макао командасын 1:0 эсебинде жеңип, күйөрмандарга ырахат тартуулашты. Бир топ кыздардын жүрөгүнөн түнөк тапкан Азамат Байматов дагы бир ирет "красавчиктигин" далилдеп, атаандаштын барбазасына жеңиш алып келген топту киргизди. Ал көз ирмемдерди биздин видеодон көрсөңүз болот

Анткен менен кечээ жүрөктү үшүткөн дагы көрүнүштөр болбой койгон жок. Бишкек — Ош унаа жолуна дагы кар көчкү түшүп, бир нече унааны басып калды. Toyota Hilux Pick Up унаасындагы төрт адам каза болду. Төртөө тең Токтогулдун кулундары экен, бүгүн жерге берилди. Жаткан жерлери жайлуу болсун… Көчкү алдында калган унаалардын ичинде аман калгандар да болду. Алардын бири Азирет Валиев ажал менен кантип күрөшкөнүн айтып берди.

Бүчүрү сынган секелектер жөнүндө. Кыргызстанда бир жылда 14 жаштан 17 жашка чейинки 2000ге жакын кыз эрте турмуш курат экен. Алардын арасында бирин-серин гана кыздар өз каалоосу менен чоң турмушка аттанбаса, басымдуу боөлүгү ала качуунун жана зордук-зомбулуктун курмандыгы. Тагдырдын оор сыноосуна кабалган секелектер тууралуу журналист Элеман Карымшаков иликтеп көрдү.

Валюта наркы. Бүгүн сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 68.50 (сатып алуу), 68.60 (сатуу) сомду түзөт.

Мунай баасы. Аи-92 үлгүсүндөгү май 38.00 сом, Аи-95 үлгүсүндөгү бензин 40.70 сом, ал эми дизель майы 35.50 сомдон сатылууда.

Соңку сөз ордуна. Кыргызстанданыбызда тынчтык болсун!

Баарыңыздарга жакшылык каалап Бегимай Бакашева

Жаңылыктар түрмөгү
0