Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Алдыбызда Африка, артта Ирак, капотто милиция

Жазылуу
Арыбаңыз, мекендеш. Жакшы жатып жай турдуңузбу. Бүгүн күнгө жума.

Ал 24-мартта да күн дал ушундай жаркырап, жадырап-жайнап турган. Андан бери 12 жыл өтүптүр… Ал жарыктык бизге эмне берди болду экен… Бир байкаганым, биздин эл баласынан өбөктөгөн чалына чейин саясатчыга айланды. Андан сырткары, элди болуп көрбөгөндөй көңүл калуулар коштоду… Кеп 2005-жылы болгон элдик ыңкылап туурасында жүрүп кетти. Айтор, бүгүн көптөр к-өөп учурларды эстей турган күн… 

Жаз өкүмүн жүргүзүп. Сентиментти серпип салып, бүгүнкү күнгө келсек, аба ырайы 18-20 градустун тегерегинде жылыйт экен. Жаз чыны менен өз күчүнө кирип баштады окшойт.

Быйыл жай "кайнайт" дешти. Аба ырайы демекчи, кыш кетпей жатып алды деп наалып жаткандар, жайында "байкелейт" окшойбуз. Дүйнөлүк метеорология 2017-жылы Жер планетасы адаттан тышкары ысый турганын кабарлады.

Кызыгы көп Кыргызстан! Бир эле күндө, ал тургай бир нече саат ичинде тартылган Кыргызстандын жети дубанынын сүрөттөрүн көргүңүз келеби? Бир жагында күн чайыттай тийип турса, дагы бир жагында улуу түшкөн кар жатат. Анда бул жакка баш багыңыз

"Капот оорусу". Жазда адатта эски оорулар козголот дешет, бу сапар рулга отургандардын аял-эркегине карабай мурда эле бар беле же жаңыбы, айтор, капотто ала качкан "илдет" пайда болуптур. Капотко үстөмөндөп жатып алып зуулдап бараткан эскиче айтканда, МАИчилерди көргөндө… күлөрүңдү же аярыңды билбейсиң… Кызыгың түшкүр… 

Телефонду тиктебей, китеп окугула. Баса, бурадарлар, сиздерди былтыр чыккан тандамал китептерди окууга чакырабыз. Ким жазган, эмне китеп, окугандар кандай пикир айткан, ал тургай татынакай тартылган сүрөтү менен маалыматтар бар. Төмөнкү лонгридге көз салсаңыз, китеп туткунунда каласыз деген ишенимдебиз.

Астыбыз — Африка, артыбыз — Ирак. Бириккен Улуттар Уюмунун 188 өлкөнүн ортосундагы адамзаттын өнүгүү индексин сунуштаган. Кыргызстан былтыркы 120-сабынан жылбай, "бакыйып", Түштүк Африка менен Ирактын ортосунан орун алыптыр

Азайган эшектер. Кыргызстанда эки жыл ичинде эшектердин саны 20 миңге чейин азайып кеткен. Былтыркы жылдын аяк жагында бул жаныбарлардын саны дагы 10 миңге кемип, 43 миңди түзгөн.

Валюта наркы. Бүгүн сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 68.72 (сатып алуу), 69.06 (сатуу) сомду түзөт.

Мунай баасы. Аи-92 үлгүсүндөгү май 38.00 сом, Аи-95 үлгүсүндөгү бензин 40.50 сом, ал эми дизель майы 35.30 сомдон сатылууда.

Соңку сөз ордуна. Бектер кетет эл калат, бетеге кетет бел калат

Алдыдагы эс күндөрдүн бейгам өтүшүн каалап, Нургүл Максутова

Жаңылыктар түрмөгү
0