Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Кечирип койгула, начар эле эл экенбиз

Жазылуу
"Той болот, тойдун эртеси да болот" демекчи, Нооруз майрамынын эртеси күнү баш-аягыбызды жыйганга аракет кылдык. Дегеним, майрам күнү топтолгон таштандыны жыйнадык, ат майданда сахнанын башына чыгып кеткендерди териштирдик, аянтта тебеленген жоогазындарды санадык.

Албетте, бүгүнкү "Бурадарды" кемчиликтерибизди айтуудан баштагым келген эмес. Бирок улам бир макаланы жазган сайын кесиптештеримдин "начар эле эл экенбиз" деген сөздөрү угулуп атты.

Таштандыга көмүлгөн шаар. Нооруздан кийин Бишкек шаарында "Тазалыктын" жумушчулары борборду таң аткыча тазалап, 700 тонна таштанды чыгарышты

Тебеленген жоогазын. "Тазалыкчылар" целлофан баштык, желим бөтөлкөдөн тышкары, тапталып калган жоогазындарды дагы чогултуп жатышты. 21-март күнү "Ала-Тоо" аянтына майрамдаганы келгендер 6500 түп жоогазын тепселеп салышыптыр

© Sputnik / Эмиль СадыровЗрители на ипподроме во время Нооруза в Бишкеке
Зрители на ипподроме во время Нооруза в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Зрители на ипподроме во время Нооруза в Бишкеке

Ипподромдогу башаламандык. Ал ортодо ипподромдо ат оюндары маалында күйөрмандар сахнанын башына чейин чыгып кеткен башаламандыкка ким күнөөлүү экенин иликтеп көрдүк. Жоопкерчиликти улам бирине оодарып атып, акыры барып милиция такалдык. 

Бишкек ШИИБинен аркага чыккан тургундар жоопкерчиликке тартыларын билдиргени менен ал күнү тартипти сактоого жоопкер милиция кызматкерлерине көрүлчү чаралар жөнүндө айтуудан баш тартышты.

Ошентсе да Ноорузга карата даярдалган сүмөлөктүн даярдалышы тууралуу видеого да баш багып коюңуз.

Францияда лекция окуган кыргыз окумуштуусу. Анткен менен жагымдуу кабарлардан дагы уучубуз куру эмес. Кечээ Нурлан Наматов аттуу кыргыз окумуштуусу Франциянын падышалык колледжинде лекция окуй турганын уктук. Акыркы 100 жылдын ичинде аталган окуу жайга лекция окуу үчүн мурдагы Советтер Союзунун курамына кирген мамлекеттерден үч гана окумуштуу чакырылган. Алардын бири кыргызстандык Наматов экен. Сыймык эмей эмне?

Сүйүнчү! Өлкө президенти неберелүү болду. Кызы Алия Бишкек шаарындагы №6 төрөтканада көз жарып, уул төрөдү

Валюта наркы. Бүгүн сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 68.94 продажа (сатып алуу), 69.23 (сатуу) сомду түзөт.

Мунай баасы. Аи-92 үлгүсүндөгү май 38.00 сом, Аи-95 үлгүсүндөгү бензин 40.50 сом, ал эми дизель майы 35.30 сомдон сатылууда.

Сөз соңунда. "Чү" дегенде эле жагымсыз кабарлардан баштап, бүгүнкү күнүңөргө негатив сүртүп койгонум үчүн кечирим сурайм. Жөн гана өз кемчилигибизди сезе жүрөлү дегим келди.

Өлкөбүздүн жаркын келечегине ишенип Бегимай Бакашева.

Жаңылыктар түрмөгү
0