Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Лимонад ичкен күнүбүз болобу?..

Жазылуу
Бүгүн күнгө, буюрса, шаршемби. Жума ортолоп калды өңдөнөт.

Кимбайке деп аты чыккан айтылуу Төлөгөн Карыкеевдин бир тамашасын окуп, боорум эзилип калды эле. Андагы ой боюнча адамдын органдары сүйлөшүп, таң эрте ооруп турган баштын абалын оңдоого киришет. Калтырап-титиреп граммдап арак саткан аялга жетип "самаштан" басат. Ошондо ашказан айтат дейт: "Кудай ай, бир илманад көргөн күнүм болобу деп"… Анысы кандай Бишкек шаары кайра дүйнөдөгү эң начар шаарынын катарына кириптир. Илманаддай эле да, айтор…

Илим Карыпбековдун алгачкы маеги. КТРКнын башкы директору Илим Карыпбеков автокырсыкка кабылгандан кийин биринчи маегин бизге берди. Ал кырсык болор алдында эмне менен алектенип, кайдан келе жатканын айтты. Кандай гана болбосун бөөдө кырсыктан алыс болуп, аман-эсен бололу. 

Көлдөгү Раппопорт аллеясы кулпурат. Ысык-Көлдөгү Раппопорт аллеясы көркүнө чыгып, эл көп келе турган эс алуу жайы болот деп аймактын жетекчилиги ишендирүүдө. Сүрөттө аллея тим эле ажайып кооз, чындап эле айлана басып кыдыргаң келет экен. Иш жүзүнө аша турчу бул иш дал ошол сүрөттөгүдөй болсун деп тилейли. 

© Sputnik / Табылды КадырбековДача айылынын тургундары бийликке эки талап коюп митингге чыкты
Митинг жителей Дача СУ - Sputnik Кыргызстан
Дача айылынын тургундары бийликке эки талап коюп митингге чыкты

Дачалыктар бийликке эки талап койду. Жүк ташуучу учак кулаган Дача айылынын тургундары өкмөт элден чогулган акчаны бөлүштүрүп бербей жатат деп митингге чыгышты. Алар бийликке эки талап койду. Биринчиси компенсацияны убагында төлөө жана экинчиси башка аймакка көчүрүү. Өз кезегинде биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев жабыркагандарга бардык жардам комплекстүү түрдө берилерин айтты.

Бири-биринин эсин оодара чапкан мушкерлер. ММА мушкерлери Аксел Касарес менен Алан Васкес беттеш учурунда бири-биринин эсин оодара чабышты. Соккулар ушунчалык катуу болгондуктан эки спортчу бири-бирин чапкандан кийин чалкасынан эле түшүп калды.

"Атамекенчи" депутаттардын "арышы". А дегенде эле "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимовго миллион сом төлөп бермей болду. Башкача айтканда, Текебаев соттон утулуп калды. Ал эми Аида Саляновага Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан тергөө аяктаганга чейин өлкөдөн чыгууга тыюу салынды.

Төбөбүз көккө жете эс алып, жыргайбыз. Нооруз майрамына карата кыргызстандыктар төрт күн эс алышат. Башкачы айтканда 18-19-20-21-март эс алуу күнү деп жарыяланды. Майрамдын алдында эс алып, дем-күч топтоп алууга эң сонун мүмкүнчүлүк. Майрам шаңдуу өтсүн.

Валюта наркы. Бүгүн сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 69.21 (сатып алуу) жана 69.46 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи-92 үлгүсүндөгү май 38.00 сом, Аи-95 үлгүсүндөгү бензин 40.50 сом, ал эми дизель майы 35.30 сомдон сатылууда.

Соңку сөз ордуна. Көптөн күткөн жаз күттүрбөй эрте келсинчи деп Расул Үсөналиев.

Жаңылыктар түрмөгү
0