Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Японияда кыргыз айылы ачылып...

Жазылуу
Жакшы жатып жай турдуңуздар деген тилек менен өткөн күндү барактайбыз.

Өлбөгөн жанга жаз келди деген менен кыш көгөрүп кетпей жатат. Жаз жакшы эле аракет кылгансыйт, бирок кыштын алдында жаш баладай алсыз болууда. Жакшы менен жамандын, ызгаардуу суук менен жылуунун тирешиндей. Албетте, Голливуд кинолорундагыдай аягы Happy End болуп бүтөрү бышык. Жаз кышты жеңип, айлана жыпар жытка толот. Ал эми ага чейин бир аз сабыр кыла маанилүү жаңылыктарды барактайбыз.

"Дыйкан" базарынын соодагерлери Жогорку Кеңештин алдында митингге чыгып, жаңы базардан орун алуу үчүн үч миң доллары жок экендигин айтышууда. 

"Ата мекенчилердин" дагы бир депутаты Аида Салянова кечээ күнү сурак берип, үч жарым саат УКМКда отурду. Айрымдар аны камап коет дешти эле, кудай жалгап окуя тынч аяктады. 

Ал эми кадамжайлыктар болсо Өзбекстандык аскерлеринин машыгуулары тынчын алып, кабатырлантып жатканын айтып чыгышты

Албетте, аны менен катар жакшы жаңылыктар дагы болду. Буюрса Японияда кыргыз айылы ачылат. Ооба, кадимки боз үй тигилип, улуттук буюмдар коюлат

Кыргызстандык спортчу Муслим Евлаев болсо Стамбулдагы эл аралык турнирде алтын медалга ээ болду. Баракелде дейли!

© Sputnik / Табылды КадырбековЗаседание премьер-министров стран Евразийского экономического союза в Бишкеке
Заседание премьер-министров стран Евразийского экономического союза в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Заседание премьер-министров стран Евразийского экономического союза в Бишкеке

Адаттагыдай апта ирмеми жарыяланды. Дүйнөдөгү кызыкуу көз ирмемдерди бул жактан көрө аласыз.

Буюрса памирлик боордошторубузду Нарынга көчүрүп келе турган болдук. Көп жылдан бери чечилбей келген көйгөй буюрса чечилгени калды өңдөнөт. 

Бүгүн өлкө аймагында кар жаайт.

Валюта наркы. Бүгүн сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 69.15 (сатып алуу) жана 69.40 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи-92 үлгүсүндөгү май 38.00 сом, Аи-95 үлгүсүндөгү бензин 40.50 сом, ал эми дизель майы 35.30 сомдон сатылууда.

Соңку сөз ордуна. Сабырдын түбү сары алтын.

Жакшылыгыңызды тилеп Исмаил Мамытов.

Жаңылыктар түрмөгү
0