Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Текебаев камакта калып, Батыралиев агынан жарылып

Жазылуу
Эшикте кыш болгону менен кабагыңызга кар жаабасын.

Ооба, ар бир көз ирмемден ырахат алып, бул өмүрдүн балын гана татып өтөлү. Буюрса бүгүн 10-март, күнгө жума. Демек… 8-мартан аман чыккан бардык жигиттерди чын жүрөктөн куттуктайбыз. Башкысы ушул! Эшикте кар жаайбы, таш жаайбы — маанилүү эмес.

FIFA рейтингинде биздин команданын бир сапка түшүп калышы деле маанайды түшүрө албайт. Анткени 8-март күнү борбор калаада 45 ымыркай жарык дүйнөгө келди.

Буюрса бөбөктөрүбүздүн өмүрү узун болсун дейли. Эми ушул жагымдуу нотада кечээ күнү чыккан материалдарды барактайбыз.

Кесиптешибиз Расул Усеналиев кубарткан жана кубанткан мандаттар тууралуу макала жазды. Анда майлуу мандаттар канча ирет алмашканы, кимдин мандаты кимге тийгенин билүүгө болот

© Sputnik / Табылды КадырбековМитинг сторонников Омурбека Текебаева у здания городского суда
Митинг сторонников Омурбека Текебаева у здания городского суда - Sputnik Кыргызстан
Митинг сторонников Омурбека Текебаева у здания городского суда

Саясат демекчи, шаардык сот Өмүрбек Текебаевге карата Биринчи май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырды. Ага ылайык, Текебаев 25-апрелге чейин камакта калмай болду

Ух, саясаттан жададым! Жетишет! Жазында саясат эмес көчөт тигиш керек, көчөт! Дегендер болсо сиздер үчүн Мирбек Сакенов мыкты инфографика даярдады. Ичине кирип көчөттөрдүн түрлөрү, отургузуу тартиптери тууралуу окусаңыз болот

Ал эми көчөт отургузуш үчүн ден соолук керек. Бүк түшүргөн бөйрөк оорусу, гемодиализге байланган балдар тууралуу билгиңиз келсе бул жактан күтөбүз.

Ден соолук демекчи, саламаттык сактоо министри Талант Батыралиевдин жай отуруп, кенен берген маегин сөзсүз окуңуздар. Анткени Талант мырза министрликтеги реформалар, жаңы кадамдар тууралуу кенен айтып берди

Бүгүн Бишкекте 2 градуска чейин суук болот.

Валюта наркы. Бүгүн сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 69.09 (сатып алуу) жана 69.34 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи-92 үлгүсүндөгү май 38.00 сом, Аи-95 үлгүсүндөгү бензин 40.50 сом, ал эми дизель майы 35.30 сомдон сатылууда.

Соңку сөз ордуна. Жашоо — күзгү. Жылмайсаңыз ал да сизге жылмаят.

32 тишиңиздин амандыгын тилеп Исмаил Мамытов.

Жаңылыктар түрмөгү
0