Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Кырктын кырындагы баатыр энелер

Жазылуу
Майрам болот, майрамдын эртеси да болот демекчи, эми алган белектерди башкаларга көргөзүп "мактанып" алгыла, урматтуу айымдар. Албетте, мунун баары тамаша. Алган белегиңер кут болсун!

Кыздары сулуу кыргыздын. Кыргызстанда түрдүү кесипти аркалаган айымдар бар. Биз аларды дайыма иш учурунда, бир жакка шашып баратканын гана көрөбүз. Хирург, өрт өчүрүүчү, милиционер кыз-келиндер көйнөк кийсе, кандай кубулаарын бул жактан караңыздар. Андан сырткары Кыргызстандын ажарлуу жана сулуу айымдарын жазбай тааныйм десеңиз, бул тест сиз үчүн.

Кыргызстандын жаш баатыр энелери. Кырктын кырындагы баатыр энелерди тааныйсызбы. Алды он, арты алты бала төрөгөн энелерге даңк! Балалуу үй базар демекчи, очор-бачар болуп эле балдардын ырахатын көрүп, алардын жалаң гана жакшылыктарына күбө болуп жүрө бериңиздер, асыл апалар.

Майрамда гүл уурдап кармалды. Россиянын Саратов облусунун тургуну 8-марттын алдында гүл саткан дүкөнгө ууруга кирип, 50 чактыдай гүлдү көтөрө качкан. Ал уурдалган белектерин көчөдө кетип бараткан аялдарга белек кылып тараткан.

Интернетсиз жарым күн. Дал ушул 8-март күнү таңкы төрттө Кант менен Токмок шаарынын ортосундагы оптоволокондук байланыш кабелин бейтааныш бирөөлөр кесип алууга аракет кылгандыктан, Ысык-Көл, Нарын облусу жана Чүй облусунун чыгыш тарабы интернетсиз калды. Эргулдар 250 метрдей жез кабелди кесип, уурдап кеткенин "Кыргызтелеком" ААКтын маалымат кызматы билдирди.

Бөөдө кырсык. Ошто жаңы курулган эстакадалык көпүрөнүн дубалындагы шыбак көчүп түшүп, кош бойлуу келиндин башына түштү. Келин эс-учун жоготуп жерге жатып калган. Ош шаарынын мэриясы келинге медициналык жардам берилип, кечинде үйүнө жеткирилгенин маалымдады. Ал эми көпүрөнү курган компанияга мүчүлүштүктөрдү жоюу милдети жүктөлдү.

Валюта наркы. Бүгүн сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 69.03 (сатып алуу) жана 69.29 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи-92 үлгүсүндөгү май 38.00 сом, Аи-95 үлгүсүндөгү бензин 40.50 сом, ал эми дизель майы 35.30 сомдон сатылууда.

Соңку сөз ордуна. Жаздын жагымдуу күндөрү эсте калгыс ирмемдерди тартууласын деп, Расул Үсөналиев.

Жаңылыктар түрмөгү
0