Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Эркинен ажыратылса да эрки майтарылбаган айымдар

Жазылуу
Жаздын келиши менен биринчи эң биринчилерден болуп майрамдалган 8-мартка болгону бир күн калды. Ардактуу айымдар, чыдап тургула.

Жогорку Кеңеш тарайбы… Өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев Жогорку Кеңешти таратууну колдой турганын айтып, депутаттарга болгон нааразычылыгын билдирген эле. Президент парламент күндөн-күнгө мыйзам чыгаруучу жайдан ушак чыгаруучу жайга айланып бара жатканын айтты. Жаз келгенде айлана-чөйрө, жаратылыш ойгонгондой эле,күн жылыры менен Кыргызстанда митингдердин башталышы кадыресе көрүнүш болуп калды.

Текебаевдин шансы бар. "Ата Мекен" фракциясынын лидери, камакка алынган Өмүрбек Текебаев кесилип эле кетпесе шайлоого катышууга толук укугу бар. Эми таразанын биртике ташынын баары соттун колунда экен. Текебаевдин саясаттагы орду, жүрүшү дал ошол соттун өкүмүнөн көз каранды. Күтө туралы.

© REUTERS / Antonio Parrinello Извержения лавы вулкана Этна
Извержения лавы вулкана Этна - Sputnik Кыргызстан
Извержения лавы вулкана Этна

Путинге жаккан кыргыз аргымагы. Өткөн жумада Россиянын президенти Владимир Путин Кыргызстанга келгенде ажобуз ак боз ат мингизген болчу. Орус президенти жактырган атты бул жактан карагыла. Ии баса, андан сырткары өткөн жумада болгон олуттуу окуяларды да көрсөңүз болот.

Темир тор артындагы сулуулук. №2 аялдар колониясында 8-март майрамын утурлай сулуулук сынагы өттү. Абактагы аялдар өзүнүн ажарын, жөндөмдүүлүгүн көрсөтүштү. Эркиндигинен ажыраса дагы өздөрүн эркин сезген кыз-келиндердин сүрөтүн бул жактан караңыздар

Валюта наркы. Бүгүн сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 69.04 (сатып алуу) жана 69.29 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи-92 үлгүсүндөгү май 38.00 сом, Аи-95 үлгүсүндөгү бензин 40.50 сом, ал эми дизель майы 35.30 сомдон сатылууда.

Соңку сөз ордуна. Кандай гана абал, кандай гана учур болбосун адамдык сапатты жогору сактап жүрөлү. Расул Үсөналиев.

Жаңылыктар түрмөгү
0