Амансызбы, бурадар? Өлкөдө саат 10:15. Кутурган карышкыр, малынан кол жууган эл

Жазылуу
Жаздын бүгүн үчүнчү күнү экенине карабай Бишкекке кыламыктап кар жаады. Кыязы, кыштын кеткиси келбей, жазга эркелеп жатат окшойт.

Тоңдо элдин малына карышкыр кол салууда. Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Калкагар айылынын тургундары короого кирген карышкырды муунтуп өлтүрүштү. Кашабаң кутурма дары менен ооруганы аныкталып, ал тиштеген малдын баары өрттөлүп жок кылынды. Карышкырдын айынан айрым тургундар болгон биртике мал-жандыгынан ажырап калышты.

Ажал менен кармашкан дарыгерлер. 1-мартка караган түнү Бишкекте жол кырсыгына кабылган КТРКнын башкы директору Илим Карыпбековду дарыгерлер кантип ажалдын оозунан сууруп алганын айтып беришти. Илим мырза, эртерээк сакайып кетиңиз.

Жер жок дейт. Бишкекте менчикке бериле турган жер калбаптыр. Көрсө, там салууга боло турган бардык жер тилкелери берилип бүтүптүр. Акыркы жылдары пайда болгон жаңы конуштар, мыйзамсыз салынган үйлөр тууралуу кесиптешим Бегимай Бакашева ийне жибине чейин иликтеди. 

© Sputnik / Табылды КадырбековВрач-диетолог Бактыгул Иманкулова
Врач-диетолог Бактыгул Иманкулова - Sputnik Кыргызстан
Врач-диетолог Бактыгул Иманкулова

Жазга даярсыңарбы? Жаздын келиши менен кыз-келиндер үчүн өзүнчө билинбеген көйгөй жаралат. "Кышы бою майлуу тамак жеп, фигураны ойлобой калабыз" деп бир таанышым айтты эле. Андыктан ашыкча салмактан арылып, ден соолугуңузга кам көрүңүз. Кантип деп жатсаңыз диетологдун кеңеши сизге майдай эле жагат.

Болбойт. Кыргыздар ар нерсени өзүнүн адеби менен жасап, ага өзгөчө маани беришкен. Үй-бүлөнүн ар бир мүчөсүнө тиешелүү жазылбаган милдеттер да бар. Ошол эле учурда түзүлгөн абалга, кырдаалга жараша да түрдүү ырым-жырымдарды карманып келишкен. Мисалы, кош бойлуу келинге болбой турган нерселер. Аларды толугу менен бул жактан окуңуздар.

Ии, баса. Кытайда бир аял уулдуу болгондон кийин бир жумадан соң кайтадан эгиз кыздуу болду. Атаңдын гөрү дүнүйө.

"Ата керээзинин" арышы. Көптөгөн эл аралык кинофестивалдарда байгелүү орунду багындырган "Ата керээзи" тасмасы Россиянын эң абройлуу "НИКА" сыйлыгына КМШ мамлекеттеринин эң мыкты тасмасы деп көрсөтүлдү. Ийгилик каалайбыз.

Кыргызстанга дүйнө суктанды. Саякатчы Тимур Тугалев менен италиялык блоггер Сара Иззи тарабынан тартылган Кыргызстан тууралуу "Lost in Kyrgyzstan" аттуу ролик National Geographic журналы жарыялаган Travel Photography сынагынын жеңүүчүсү болду. Ажайып жаратылыштын кооздугуна башкалар да арбалды көрүнөт.

Валюта наркы. Бүгүн сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 69.06 (сатып алуу) жана 69.30 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи-92 үлгүсүндөгү май 38.00 сом, Аи-95 үлгүсүндөгү бензин 40.50 сом, ал эми дизель майы 35.30 сомдон сатылууда.

Соңку сөз ордуна. Киши болор кишинин киши менен иши бар, киши болбос кишинин эмне менен иши бар… Расул Үсөналиев

Жаңылыктар түрмөгү
0