Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Атактуулар кантип мекенди коргошкон

© Sputnik / Табылды КадырбековЗдание старого аэропорта в Бишкеке
Здание старого аэропорта в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Майрам болот, майрамдын эртеси да болот демекчи, пачкалап алган байпактарды эми күнүгө алмаштырып киели.

Колго курал кармап… 23-февралда жумурай журт жапырт Мекен коргоочулардын күнүн белгиледик. Колго курал кармап, мекенди коргогон атактуулар аскердик милдетин кандай өтөгөнү бардыгына эле кызык. Темир Сариевдин, Албек Ибраимовдун жана Бек Борбиевдин колго курал алып мекен чегинде жүргөнүн бул жактан караңыз

Аалы Туткучев кырк жылкылуу болду. Ак таңдай акын 22-февралда кыздуу болду. Ошентип Туткучев эки уул, эки кызга ата болуп турган чагы. Кырк жылкысын айдап келип, ардактап кызынын колун сурагандар көп болсун.

АКШдагы кыргыз адвокат. Чет жакка барып, өзүнүн илимин, тажрыйбасын арттырып, ал жактагы мекендештерге жардам берип жүргөн эр-азаматтарыбыздан уучубуз куру эмес. АКШдан баар таап, Борбор Азиядан барган мигранттардын укугун коргогон алгачкы кыргыз адвокаты тууралуу бул жактан окуңуздар

Логотип жасап 50 миң сом ут. Быйыл Адеп, ыйман жана маданият жылы деп жарыяланып, анын логотибин иштеп чыккандарга сынак жарыяланды. Өз фантазияңызды, өнөрүңүздү бир көрсөтүп туруп 50 миң сом байгени утуп алыңыз.

Жарым кылымдан кийин ачкачылыктан куурайт экенбиз. Адистер алдыдагы 40-50 жылда адамзат курсагын тойгуза албай кырылышы мүмкүндүгүн айтууда. 2030-жылы 600 миллион адам курсагы тойбой о дүйнө кетиши мүмкүн экен. Кандай болгон күндө да адамдык сапатты сактап, акыл менен иш кылалы.

Валюта наркы. Бүгүн сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 69.01 (сатып алуу) жана 69.28 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи-92 үлгүсүндөгү май 38.00 сом, Аи-95 үлгүсүндөгү бензин 40.50 сом, ал эми дизель майы 35.30 сомдон сатылууда.

Соңку сөз ордуна. Көч бара-бара түзөлөт. Расул Үсөналиев

Жаңылыктар түрмөгү
0