Амансызбы, бурадар? Майрамдык маанай. Sputnikтин бойдок жигиттери

© Sputnik / Табылды КадырбековСовременный редакционный центр Sputnik Кыргызстан в Бишкеке
Современный редакционный центр Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Майрамыңыздар менен Кыргызстандын бычакка сап боло турган жигиттери! Бүгүн Мекенди коргоочулардын күнү. Жакшы каалоордун, жылуу, ал тургай жалындуу сөздөрдүн баары бүгүн силерге арналат. Күчүңөр курал атууга эмес, өлкөнү ар тараптан өнүктүрө турган башка-башка мүмкүнчүлүктөргө жумшалышын каалайбыз!

Бурадар бүгүн бир аз башкачараак өңүттө. Тагыраагы Sputnikтеги мырзаларга арналат. Биздин жамаатта кыздарга караганда жигиттер көптүк кылат, коргоочулар жагынан маселе жок. Андыктан, алар иште — биздин чеп, таяныч. Анткен менен бүгүн бул сапар сөз Sputnik Кыргызстандын жапжаш, сөздүн жакшы маанисинде алганда амбициялары кудайга шүгүр, алдыга умтулган, көп кыздардын көзүнө түшкөн бойдок жигиттери тууралуу болмокчу. Алар биздин мактана турган инилерибиз, мактана турган балдарыбыз.

А дегенде Азамат Аралбаевден баштайбыз. Маалыматтын мазесин чыгарып жазат, тыкылдайт, тыпылдайт. Жарк эткенде офиске күн чыга түшкөндөй болот. А баса, автоматты ушундай жакшы атат, дабышты шырп эттирбей туят. Кез келишкен жоосу көзүнө илинсе, өлдү дей бериңиз. Муну көрөм десеңиз, контрстрайк ойноп жатканда бир көз салыңыз. Бир сөз менен айтканда, бизди Азамат чын эле азамат!

Менин дал маңдайымда Исмаил Мамытов отурат. Бала кечээ эле 24 жаштын суусун ууртады. Тилинен да, колунан да келет. Бир жылмайышы эле бир тайлык. Юридикалык өңүттөгү маселе болсо, дароо Исмага кайрылабыз. Айтмакчы, ал биздин радионун көзгө басар кызматкери, маанилүү адамы. Sputnik Кыргызстан радиосунун үнү, авазы. Жетимиш өнөр аздык кылган жигит. 

Данияр Сандыбаев деген адам тууралуу уккан жок белеңиз. Биздин кеңсенин жогун билдирбей, кемтигин байкатпай турган кесиптешибиз. Атка жеңил, тайга чак. Кечээ бекеринен ага "ар бир кызматкердин жашоосун ичинен билген мыкты адис" деген маанайдагы ардактуу наам тапшырылбаган чыгар. Жок болсо, издеп калабыз. Андыктан, ал да маанилүү адамдарыбыздын бири.

Аста басып аярлап, сөзүн сүйлөп чебердеп, бирок кеби менен бутага таамай тийген Бакыт Толкановсуз кеңсенин шаңы жоктой сезиле берет. Кыргыз тилин билүү боюнча аны менен талаша коём десеңиз, так отуруп каласыз. Кыргызча аз, бирок саз сүйлөгөн жигит. Мекенчил. Атактуу Алыкул акындын поэзиясынын күйөрманы. "Сен ооруба, мен ооруюн, Ата Журт" анын сүйүктүү саптарынын бири. Биздин Бакыт ушундай адам. И баса, ал түнкү нөөмөткө чыккан сайын эле Кыргызстанда олуттуу окуялар боло берет, эмнегедир… 

Кызык, биздин Каныбек Бейшенбеков түшүн кайсыл тилде көрөт болду экен? Анын өздөштүргөн тилдерин санай берсең, өзүң да уялып, манжаларыңды жума коесуң. Аалам боюнча биздин кошумча кулагыбыз, көзүбүз экендигин эске албаганда да, бул жигиттин жакындан жардамга умтулган сапаты, сыпайылыгы жана табышмактуулугу өзүнчө бир кеп…

Максат Элебесовдун маңыздуу жазылган материалдарынан, радиодогу коңур үнү менен коштолгон маалыматтарынан сырткары, бир нече тилде обон созгонун уксаңыз, кайдыгер калбайсыз. Көрсөңүз, андан бетер таасирлендим дей бериңиз. Кечээги биздин майрамдык кечеде образга кирип алып канча элдин ырын "чозгонун" санай албай калдым. Туурайын десең, тил сынат…

Сенсиз ишибиз токтоп калган сыяктуу го ов, Бахтияр Бердибеков. Кумурскадай эмгектенип, аарыдай ызылдап жатып жазылган материалдардын тагдырын чечкен адам. Офисте "Баха, Бахтияр" деген сөз бир нече ирет абада жаңырат. Эми кыскача айтканда, социалдык тармактар баланын колунда. Айтмакчы, саясат анын хоббиси.

Ал эми Мирбек Сакенов менен Эламан Карымшаков биздин жаңы кан, кошумча бутубуз, колубуз. Илимдин дыйкандары казган, БЧКдагы тарыхый каармандарды тапкан, аймактарды тарткан, анан өкүл аталардын өкүмүнөн тарта тизмектеген ушул жигиттер. Тымызын жүргөн менен… оо, көп нерсе көкүрөктө уюп жатат.

Алимжан Валиев көп тараптуулуктун символу. Сыртынан карап алып, тынч адам экен десеңиз… жаңылышасыз. Ички энергиясы тоону томкорчудай, кээде айткандары адамды жалт каратат. Соңку ирет эсибизде калган калганы кадамы — элдин эсебинен акча жасап жаткан аттуу-баштуу компанияларга аттана турган "журналисттик жортуулу" болмокчу. Кийинки кезекте… акылдуусунган дагы бир компания турса керек. Биздин Алимжан ошондой.

Техниканын тилин анча билбегендер Сергей Аладьевге чуркайбыз. Антпегенде, анан… Илбериңкилиги менен кайсыл техниканын болбосун оорусун жолго коёт. Жакында эле "Мистер оригинал" болду. Себебин өзү менен жакындан таанышсаңыз билесиз.

Ошол урматтуулар, майрамыңыздар менен!

Соңку сөз: Жакшы күндөр али алдыда

Жалпы эле аталарга, абаларга, инилерге урматтоом менен, Нургүл Максутова

Жаңылыктар түрмөгү
0