Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Атамбаевдин айткандары казактарды чычалатып...

© Sputnik / Табылды КадырбековБорьба коммунальщиков с весенним снегом
Борьба коммунальщиков с весенним снегом - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн биздин редакцияда кош майрам сыяктуу. Кесиптешим Исмаил Мамытовдун туулган күнүн өткөрүп, түштөн кийин кыздарыбыз жигиттерди куттуктайбыз деп чамынып турушат. Өмүрүң узун болуп, алтын башың аман болсун, Исмаил. Сенден баарыбыз көп нерсе үмүт этебиз, билесиң да. Калган сөздү анан жалпылап куттуктаганда айтабыз.

Казакстан "каарын" көрсөтүүдө. Коңшулардын Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын өкүлүн чакырып дипломатиялык нота тапшырды. Казак баурлар президент Алмазбек Атамбаевдин айткандарына теригип Кыргызстандан бул боюнча түшүндүрмө талап кылган эле. КР Тышкы иштер министрлиги 2010-жылы кайсы блокада болгонун, казак тарап чек арасын жаап койгондо айрым кишилер дары-дармегин убагында ала албай өлгөнүн көзгө сайып көрсөткөн болчу.

Трактор керекке жарады. Чаткал РИИБдин эки кызматкери Ак-Таш айылына жумуштап барып, калың кардан улам ал жакта 10 күн туруп калган. Акыры трактор менен районго кетишти. Калың карга тыгылбай аман эсен жетишиптир. 

Арак ичпейбиз. Кара-Кулжа районундагы Алайкуу айыл өкмөтүндөгү Көк-Арт айылында эл арак ичпей турганын айтып, кыштак дүкөндөрүндөгү арактарды алып чыгып жерге чаап жок кылышты. Ар дайым эле ушундайлар көп болуп, элибиз сергек жашоо мүнөзүн тандап, ден соолугу чың, арак ичпей акылы тунук болсун.

Карылар үйүндөгү кайгылуу карылар… Карысы бардын ырысы бар деп таамай айтылган сөздүн кунары качты көрүнөт. Балдарынын төрүндө балпайып отура турчу убакта минтип эки бүктөлүп карылар үчүн керебетте жаткан байбичелерди, абышкаларды көргөндө жүрөгүң тилинип кетет. Бишкектеги карылар үйүндөгү жашоо, карыялар менен кемпирлердин турмушуна бир көз салыңыз…

Президенттин аялы биринчи вице-президент болду. Азербайжандын президенти Илхам Алиев аялы Мехрибан Алиеваны биринчи вице-президент кылып дайындады. Ммм… Азербайжанга гүлдөп өнүгүү каалайбыз. Эмнегедир үй-бүлөлүк башкаруу деп жазгым келди… 

Дүйнөлүк чемпионатка катышат. Кыргызстандык мушкер жиу-житсу боюнча дүйнө чемпионатына катышууга жолдомо алды. Абдурахманхаджи Муртазалиев бул жеңишке кантип жетишкенин, кандай аракеттерди көрүп, канткенде ийгилик ташы ага оогонун анын бир тууганы айтып берди.

"Дордойдун" жеңиши. Бишкектин "Дордой" командасы Тажикстандын "Хосилот" командасын Ошто болгон беттеште 1:0 эсебинде утуп алды. Эми алар Азия футбол конфедерациясынын кубогунун тайпалык раунддарына чыгуу үчүн 28-февралда Душанбе шаарында боло турчу беттешти утушу керек.

Кыргыз хоккейчилери филиппиндиктердин таш-талканын чыгарды. Япониянын Саппоро шаарында өтүп жаткан Кышкы Азия оюндардын алкагында кыргыз хоккейчилери филиппиндерди 10:5 эсебинде утуп алды. Сүрсүгөн эт менен чаптаган кымыз ичкен жигиттер окшойт да.

Валюта наркы. Бүгүн сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 69.00 (сатып алуу) жана 69.27 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи-92 үлгүсүндөгү май 38.00 сом, Аи-95 үлгүсүндөгү бензин 40.90 сом, ал эми дизель майы 35.50 сомдон сатылууда.

Соңку сөз ордуна. Көч бара-бара түзөлөт. Расул Үсөналиев

Жаңылыктар түрмөгү
0