Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Президенттик шайлоонун "чуусу" башталды

© Sputnik / Табылды КадырбековБывший павильон "Соки — газированные воды" в Бишкеке
Бывший павильон Соки — газированные воды в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Быйыл күз аябай ысык болгону калды. Дегеним саясий жагынан. Анүстүнө Алмазбек Атамбаев президенттик шайлоо качан болорун айтты.

Шайлоо шаңы. Быйыл күздө, тактап айтканда, 19-ноябрда президенттик шайлоо өтөт. Бул тууралуу Атамбаев БШК жетекчисин кабыл алганда өзү билдирди. Алты жылда бир боло турчу президенттик шайлоого азыр расмий түрдө Темир Сариев менен Бакыт Төрөбаев катыша турганын билдирген. Ошондой эле Өмүрбек Бабановду РАЖ фракциясы президенттикке талапкер катары сунуштоодо.

Кардын каары. Токтогул районундагы Котормо айылындагы мектептин чатыры калың карды көтөрө албай түшүп калды. Мектепте 342 окуучу билим алчу, эми аларды жакынкы мектептекерге жайгаштыруу маселеси каралууда

Чаткалды да кар басты. Чаткалга түшкөн кардын калыңдыгы 2 метрге жетип, жергиликтүү элдин айласын алты кетирип жатат. Үйдөн чыга албай тургундардын жашоосу кандай? Калың кардын алдында калган элдин турмушу эмне болууда, мал-жан эмне болду?..

Чылым чеккендер чайналабы? Коомдук жайларда бутту кенен сунуп алып тамеки чегип ырахаттангандарга эми кыйын болушу мүмкүн. Анткени эл өкүлү Дастан Бекешев коомдук жайларда тамеки тартууга тыюу салган мыйзам долбоорун сунуштап жатат. Эгер бул мыйзам долбоору кабыл алынса кандай кесепеттер болушу ыктымал? Жообу бул жакта.

Мал сыйлаган бай болор. Кыргыздар башынан эле төрт түлүк малга өзгөчө көңүл буруп келишкен. Себеби, көчмөн элдин жашоосу дал ушул мал-жандыктан түздөн түз көз каранды болгон. Кыргыздар малды кантип кадырлап келгенин бул жактан окуңуз.

Оштогу ок атылган окуя. Өздөрүн криминалбыз деп тааныштырып, элди курутуп жүргөн эргулдарды милиция чаламандын чак түшүндө кармады. Тигилер милицияга каршылык көрсөтүп, качууга аракет кылганда асманга эскертүүчү ок атышкан. Окуянын чоо-жайын милиция толук айтып берди

Валюта наркы. Бүгүн сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 68.97 (сатып алуу) жана 69.27 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи-92 үлгүсүндөгү май 38.00 сом, Аи-95 үлгүсүндөгү бензин 40.90 сом, ал эми дизель майы 35.70 сомдон сатылууда.

Соңку сөз ордуна. Кыбыраган кыр ашат. Расул Үсөналиев

Жаңылыктар түрмөгү
0