Амансызбы бурадар? Өлкөдө 10:15. Атың чыкпаса, бир чака сүт уурда!

Жазылуу
Кутман таң, мекендештер. Бүгүн күнгө бейшемби.

Бүгүн өлкө боюнча жаан-чачын күтүлбөйт, Ош менен Бишкек шаарларында 6-9 градус жылуу болот экен. Бул тууралуу синоптиктер билдиришти. Ошентип, жазга акырындык менен жыла баштадык. 

Нарындагы көмүр баяны. Нарын жетекчилиги облуста көмүрдүн тартыштыгы жок экенин айтты. Бирок буга чейин социалдык тармактарда эл көмүргө жетпей калды деген маалыматтар тарап, андан сырткары, жергиликтүү жашоочулар анын кымбаттыгы кендирди кесип жаткандыгын айтышкан. 

Илинчек издеппи же…. Кезегинде илебине нан бышкан Кыргызстандын экс-баш прокурору, азыркы депутат Аида Салянованын маселесин Жогорку Кеңештин депутаттык комиссия карай турган болду. Демилге "ата мекенчи" Алмамбет Шыкмаматовго таандык. Илинчек издеппи… же? 

Свет кымбаттабайт дешти. Быйыл эл үчүн электр кубатынын тарифи жогорулабайт. Баса, нарындыктар жакында эле кыш мезгилинде өкмөттүн тарифти бир аз арзандатууну суранышкан эле. Кымбаттабайт деген сөз болуп жатса, анда… кыргызда, "оозуңдан айлансын" деген сөз бар беле… 

Майда кылмыш кылсаңыз, абакка түшпөйсүз, бирок… Тоок уурдагандар беш-алты жылдап кесилип, миллиондорду шыпыргандар эркиндикте жүрөт деген сөздү ар бир экинчи кыргызстандык колдонуп келсе керек. Мындан ары майда кылмыш кылгандар кесилбейт! Президент жаңы кодексти колдоду. Кененирээк бул жерде

Сүт сенсациясы… Кечээ өлкөгө бир чака сүттү уурдады деген 36 жаштагы киши дүң болду. Тагыраагы 10 литр сүт. Милиция сүт уурунун изин суутпай, ушундай бир ыкчамдык менен кармап, кылмышкерди таап чыгыптыр. Ошо! 

FOLLOW (@pablopiqasso) for more hilarious memes

Фото опубликовано @pablopiqasso Янв 30 2017 в 3:13 PST

Чаначтай семиз жолборстор Кытайдын зоопаркынан табылды. Сөздүн түптүз эле маанисинде, мекендеш. 

Ааламда. Паролунду айтпасаң, Америкага кирбейсиң. Эгер океандын ары жагына аттанып, бирок алардын бийлигине социалдык тармактагы паролун бергиси келбегендер АКШга кирбей калышы ыктымал деген кабар тарады. 

Валюта наркы. Бүгүн сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 69.32 (сатып алуу) жана 69.56 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи-92 үлгүсүндөгү май 38.70 сом, Аи-95 үлгүсүндөгү бензин 40.71 сом, ал эми дизель майы 35.70 сомдон сатылууда.

Соңку сөз ордуна. Атың чыкпаса, жер өрттө

Жакшы маанай, майнаптуу күн каалап Нургүл Максутова.

Жаңылыктар түрмөгү
0