Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Жүз жаштан ашкан он байбиченин окуясы

Жазылуу
"Карысы бардын ырысы бар" деген накыл кеп байыртадан бери эле айтылып келет. Төрдүн көркүн ачып, балпайып отурган байбичелер бар болсун.

Жүзгө чыга жашаңыз, жылкынын майын ашаңыз. Кыргызстанда жүз жаштан аша жашаган  300гө жакын киши бар. Алардын өмүр таржымалы, жүздүн кырын ашса да карылыкка моюн сунбаган кайраттуулугу кимди болбосун таң калдырат. Мындай кишилер көп болсун. Алар бала-бакырасына баш көз болуп, небере-чөбөрөлөрүнө сүйүктүү чоң эне, таене болуп төрдүн көркүн ачып жүрө беришсин. 

Күнөөлүү эмесмин… Чет жакта кылмыш кылды деп соттолуп кеткен мекендештерибиз да бар. Алардын айрымдары ак жеринен күйүп, тагдырдын жазмышы экен деп ага моюн сунуп калышууда. Ошентсе да сот адилеттиги болот деген тилек менен айрымдары күн санап, мекенин зарыга сагынып келет. Россияда ак жеринен уурулук кылган деп соттолуп кеткен Айгүлдүн окуясын апасы айтып берди.

Карышкыр менен алышкан тургун. Ысык-Көлдүн Тоң районундагы Калкабар айылын жорткон карышкырды айыл тургуну Шаршенбек Абакиров баласы экөөлөп өлтүргөн. Кашаба менен алышкан айыл тургуну окуя кандай болгонун айтып берди. Карышкыр баланын колун, бутун, атасынын колун тиштеп алган.

Жарандык кодекске кирген шарият. Жакында эле Жарандык кодекске киргизилген өзгөртүүлөрдө шарияттын принциптерин сактоо боюнча нормалар каралган. Буга "светтик принциптерге дал келбейт" деп каршы чыккан тараптар дагы болду. Бул жаатта адистер эмне дейт? Алардын да пикирлери өтө кызыктуу.

Киши болор кишинин киши менен иши бар. Кыргыздардагы катыш өзгөчө мааниге ээ. Жети атасына чейинки тукумдары менен азыркыга чейин катышып келе жаткандар да бар. Кыргыздардын мына ушундай байланышын сактап келе жаткан эмне? Анын өзөгү кайда? Мына ушул суроолорго бардык жооптуу бул жактан алыңыз

© пресс-служба мэрии города БишкекАтамбаев эки кыздын жаңы жылдык кыялын орундатып, күчүк белек кылды
Подарки щенков породы западносибирской лайки от имени президента КР Алмазбека Атамбаева - Sputnik Кыргызстан
Атамбаев эки кыздын жаңы жылдык кыялын орундатып, күчүк белек кылды

Атамбаев балдардын жаңы жылдык тилегин орундатты. Алмазбек Атамбаев 10 жана 12 жаштагы кыздардын тилегин оорундатып аларга күчүк белек кылды. Кубанычы койнуна батпай сүйүнгөн кыздар тууралуу бул жактан окуңуздар

Валюта наркы. Бүгүн сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 69.30 (сатып алуу) жана 69.54 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи-92 үлгүсүндөгү май 39 сом, Аи-95 үлгүсүндөгү бензин 41 сом, ал эми дизель майы 35.70 сомдон сатылууда.

Соңку сөз ордуна. Токсонго чыга жашап, топоздун майын ашап, жүзгө чыга жашап, жылкынын майын ашап жүрө бергиле деп Расул Үсөналиев.

Жаңылыктар түрмөгү
0