Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Айылын сагынган муфтий жана ажылыкка камылга

Жазылуу
Арбаңыздар, мекендештер. Кыштын үчүнчү айынын экинчи аптасында кайрадан жүз көрүшүп отурганыбызга курсантпыз. Бишкекте суук күчүндө, кыязы кыш чилдеси өзүнүн акыркы демин бүркүп жаткандай.

Суук демекчи, бүгүн да аяз кечээкиден кем калбайм деген арым менен бубактанып турган учуру. Кыргызгидромет кызматы бүгүн өлкө боюнча кар жаабаганы менен суук Бишкекте 2 градус болуп ичиркентээрин кабарлады. 

Кар туткунунда калган Какшаал-Суу. Ал эми тоолуу аймактардын бир катар айылдары кар туткунунда калды. Белден келген кардан улам Чоң-Алайдын жети айылындагы жолдор жабылып калды. Кечээ редакция байланышканда Какшаал-Суу айыл өкмөтүнөн ӨКМ менен Транспорт министрлигинен жардам күтүп жатканын айтышты.

Муфтийден кат келди. Арасында жүрсө дагы булуттун, адам кантип өскөн жерин унутсун. Бул сапар айылына, Кара-Кулжага катты Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи Максатбек ажы Токтомушев жазыптыр

50 жыл мурдагы Нарын. Бүгүнкү бурадар сизди тоо койнунан орун алган Нарын шаарынын мындан жарым кылым мурдагы сүрөттөрүнө жетелейт. Бул сүрөттөгү байке ошол кезде отузду тизгиндеп турса, азыр сексенге таяп калган чагы болсо керек.

Флешка, батарея, кулакчын сыяктуу буюмдарды сатып алам десеңиз, анда бул материалды жакшылап окушуңуз керек.

Чалпылдатып чайнаса, мисофония болуп. Жаныңызда бирөө чалпылдатып тамак жеп же сагыз чайнап жатса, кыжырыңыз келеби? Окумуштуулар себебин иликтеп чыгышыптыр

Бооз илбирс кантип мыёолой турганын алды кийин уктуңуз беле. Ырылдаган башка, ал эми мыёологон башка боло турганын бул жерден көрсөңүз болот.

Ажылыкка камынгандарга күмүш сырга. Бүгүнтөн тарта ажылык сапарга барчуларды каттоо башталып, ал бир айга созулат.

"Себаттан" – "Сапатка". Буга чейин миңдеген окуучуларды билим уясынан учурган "Себат" мектептери эми атын өзгөртүп, "Сапат" деп атала баштады.

Валюта наркы. Бүгүн сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 69.24 (сатып алуу) жана 69.51 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи-92 үлгүсүндөгү май 39 сом, Аи-95 үлгүсүндөгү бензин 41 сом, ал эми дизель майы 35.70 сомдон сатылууда.

Соңку сөз ордуна. Кыбыраган кыр ашат.

Иш аптаңыздар ийгиликтүү, бейгам уланышын каалап Нургүл Максутова.

Жаңылыктар түрмөгү
0