Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. УКМКга келбей койгон Салянова, Трамптын каары

© Sputnik / Табылды КадырбековМемориальный дом-музей Михаила Фрунзе
Мемориальный дом-музей Михаила Фрунзе - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаңырган жылдын бир айы да ошентип аяктады. Күндөр күнгө уланып, убакыт ээ-жаа бербей өтүүдө.

Баш кесмек бар, тил кесмек жок. Мурдагы башкы прокурор, азыркы депутат Аида Салянова юстиция министри болуп турганда бир иш кылган экен. Кандай иш дебейсиңерби? Тигил Алексей Елисеев деген Максим Бакиевдин жан жөкөрү болуп жүргөн эргулдун адвокаттык лицензиясын калыбына келтирип бериптир. Эми ошол кылган чекилиги үчүн деп Башкы прокуратура балп этип мурдагы прокурордун үстүнөн иш козгоду. Ал арада УКМК шымаланып Салянованы суракка чакырды эле, ал ЖоКенин комитетинде маселелерим бар деп келбей койду. Чакырса эле чуркап бара калыш керекпи анан… Таң, ким билет. 

Сапар Исаковдун байсалдуу сапары. Журт башчыбыз өзү "менин оң колум" деп мактап-жактап жүргөн Сапар Исаковдун арышы кенен түшө баштады. Кызматынан жогорулап, мурда президент аппаратынын жетекчисинин орун басары болсо, эми биринчи орун басарлыгына көтөрүлдү. Жаш келсе ишке демекчи, кырктын кырына келген Исаковдун сапары байсалдуу болсун. 

Жол, жол, жол… Ош шаарынын көчөлөрүнө асма көпүрө коюла турган болууда. Кудай жалгасын. Ушундай иштер көбүрөк болсо экен.

"Берешен акем", "сулуу эжем" келиптир. Негизи келин болуп келгенде жеңелерибиз кайын журтун тергеп, аларга сый урматын билдирген. Биздин кошунабыз Зуура апа сараң деген тууганын "берешен акем", сылтып баскан дагы бир тууганым "күлүк акем" деп тергечү эле. Негизи тергөө кайдан келген, эмнеге тергешкен деген суроолордун жообун бул жактан алыңыз

Трамптын таасири АКШдагы кыргыздарга тийбейби? Кызматка жаңы келген 45-президенти Дональд Трамп чү дегенде эле шайлоо кампаниясы учурунда берген сөздөрүн аткарууга белсенди. Ал мигранттардын санын азайтып, алардын өлкөгө кирүүсүн катаалдатуу керектигин айткан эле. Эми ошол берген сөзүн аткаруу үчүн буйрук чыгарды. Анын таасири кыргыз мигранттарына канчалык болот? Бул жарлыктын күңгөй-тескейи менен бул жактан таанышыңыз.

Банктык карта тууралуу эмне билесиз? Убакыт өткөн сайын нак акча колдонуу азайып, бардыгы эле банк карталарына өтүүдө. Өнүккөн Батыш өлкөлөрүндө бул катардагы эле көрүнүш. Сиз ушул банк карталарын кантип колдоном, эмне кылам, кантем деп суроолорго жооп таба албай жатсаңыз бул жети кеңешти билип алуу маанилүү

Эрдогандын каары Ала-Тоодогу Ататүрккө тийүүдө. 2016-жылы жай айында Түркиядагы мамлекеттик төңкөрүш аракетин жасады деп түрк бийлиги дин аалымы Фетхуллах Гүленди жана анын жактоочуларын айыптап келет. Деген менен Гүлен бул айыптоолор орунсуз экенин билдирген. Ошентсе да Стамбулдун Башкы прокуратурасы Гүленге таандык делген чет жактагы университеттердин атын атады. Анын ичинде Кыргызстандагы "Ататүрк-Алатоо" университети да бар болуп чыкты. Кыргызстандагы окуу жайдын өкүлдөрү прокуратуранын мындай билдирүүсү чындыкка жатпай турганын, университет Кыргызстандын аймагында ачылып, өлкө мыйзамдары менен иштерин айтып, башка мамлекеттин ички саясатына кийлигише албай турганын баса белгиледи. 

© Sputnik / Табылды КадырбековМатч туркменского клуба "Балкан" с бишкекским "Дордоем" в рамках квалификации на Кубок Азиатской конфедерации футбола
Матч туркменского клуба Балкан с бишкекским Дордоем в рамках квалификации на Кубок Азиатской конфедерации футбола - Sputnik Кыргызстан
Матч туркменского клуба "Балкан" с бишкекским "Дордоем" в рамках квалификации на Кубок Азиатской конфедерации футбола

Валюта наркы. Бүгүн сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 69.15 (сатып алуу) жана 69.45 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи-92 үлгүсүндөгү май 39.00 сом, Аи-95 үлгүсүндөгү бензин 41 сом, ал эми дизель майы 35.70 сомдон сатылууда.

Соңку сөз ордуна. Кыштын акыркы айы сизди үшүтпөй, жалаң гана ысык сүйүнүчтөр менен коштолсун деп Расул Үсөналиев.

Жаңылыктар түрмөгү
0